Рябко Клавдия Алексеевна
Көрүнүш
Рябко Клавдия Алексеевна (1918, азыркы Чүй облусу, Москва району, Садовый айылы – өлгөн жылы белгисиз, ошол эле жер) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1932-жылдан Москва районунда колхозчу, 1940-жылдан звено башчысы болуп эмгектенген. 1947-ж. ал жетектеген звено 2 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 879,17 цден түшүм жыйнап алган. 1957-жылдан «Красный Октябрь» колхозунда звено башчысы болгон. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9