Саан орнотмолору

Википедия дан
Саан орнотмолору.

Саан орнотмолору - уйду, бээни саап алуу жана сүттү алгач иштетүүгө арналган машина, аппараттар жыйындысы. Туруктуу жана көчмө саан орнотмолору болот. Бул орнотмо сүттү түз эле саан чакасына же сүт түтүкчөлөрүнө саап алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Саан орнотмолорунун негизги бөлүктөрү: саан аппараты, вакуум-түтүк, жуугуч жабдык, вакуум орнотмо, саан станоктору, сүт түтүкчөлөрү, сүт тазалагыч, муздаткыч жана башка Сүт саап алуу технологиясы уйдун желинин тазалоо, уйду сааш, сүттү түтүкчөлөр аркылуу өзүнчө бөлмөгө жеткирүү, сүттү тазалоо жана муздатуу, сүт жабдууларын жууп жана дезинфекциялоону камтыйт. Саан аппараттары саан стакандарынын ичинде вакуумененасостун жардамы менен абаны суюлтуп, вакуум пайда кылуу аркылуу уйдун эмчегинин үрпүнөн сүттү сордуруп алат. Вакуум түтүк үрптү саан аппаратын кагып тургучу (пульсатору) менен байланыштырат. Ал туруктуу вакуумду музоо эмгендегидей өзгөрүлмө вакуумга айландырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]