Сабактын түзүлүшү

Википедия дан

Сабактын түзүлүшү – бири-бири менен өз ара байланыштагы жана белгилүү бир иреттеги сабактын элементтеринин катнаштары. Сабактын түзүлүшүн (структурасы) сабактын дидактикалык максатынан, окуу материалынын мазмунунан, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнөн жана башкалар көз каранды жана жөнөкөй да, ошондой эле кыйла татаал да болушу мүмкүн. Узак мезгилдер бою сабактын 4 элементтүү структурасы үстөмдүк кылып келген:

  • үй тапшырманы текшерүү;
  • мугалимдин жаңы материалды түшүндүрүүсү;
  • жаңы материалды бышыктоо жана жаңы билимди колдонуу билгичтиктерин калыптандыруу боюнча көнүгүүлөр;
  • үйгө тапшырма берүү.

Мындай «катып» калган сабактын түзүлүшүн окуучулардын өз алдынча иштөө билгичтиктерин жана көндүмдөрүн калыптандырууга, алардын окуу, таанып-билүүчүлүк иш аракетин активдештирүүгө жакшы өбөлгө түзө алган эмес. Анткени мында мугалимдин иш-аракети үстөмдүк кылып, ал маалыматтын негизги булагынын ролун аткарат да, окуучунун иш-аракети негизинен репродуктивдүү мүнөзгө ээ болот.

Ошондуктан кийинки мезгилдерде дидакттар Сабактын түзүлүшү боюнча төмөнкүдөй сунуштарды беришүүдө: бүтүндөй Сабактын түзүлүшүн дидактикалык подструктурага жана методикалык подструктурага бөлүнөт; дидактикалык подструктура 3 элементтен окуучулардын сабактын максатын аңдап түшүнүүсүнөн, таяныч билимдерди актуалдаштыруудан жана окуучулардын жаңы нерселерди үйрөнүүсүнөн турат; дидактикалык подструктура кандай гана сабак болбосун анын курумуна камтылат; методикалык подструктура мугалимдин өзүнүн кароосуна калтырылат. Сабактын структурасын аныктоого мындай мамиле кылуу анын ийкемдүүлүгүнө өбөлгө түзөт, мугалимдин чыгармачылык менен изденүүсүнө кеңири жол ачат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,