Сабирова Венера Кубатовна
Жалпы маалымат | |
Аты-жөнү: Сабирова Венера Кубатовна | |
Туулган жылы: 1970-жылы 1-февраль | |
Туулган жери: Ош облусу | |
Жарандыгы: Кыргызстан | |
Илимий чөйрөсү: Кыргыз тили, Кыргыз адабияты | |
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Орус филологиясы факультети | |
Илимий даражасы :филология илимдеринин доктору, профессор (2015) | |
Илимий наамы: профессор |
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сабирова Венера Кубатовна 1970-жылы 1-февралда Токтогул айылында партиялык ишмер жана мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Оштогу С.М. Киров атындагы орто мектепти артыкчылык менен аяктагандан кийин Ош педагогикалык институтунун Орус тили жана адабияты адистигинде билим алып, аталган окуу жайды 1992- жылы артыкчылыгы менен аяктап, "Орус тили жана адабияты мугалими" квалификациясына ээ болгон.
Эмгек тажрыйбасы: 1992-жылдан тартып Ош шаарынын Ю.А. Гагарин атындагы № 17 орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими кызматынан башталган. 1994-жылдан тартып Ош Мамлекеттик Университетинин дүйнөлүк адабият кафедрасында окутуучу кызматында иштейт. 2000-2004 - жылдары ОшМУнун илим жана аспирантура башчысы, башкаруучу кызматында иштеген. 2004-2007 - жылдары Маданият аралык бөлүм башчысы, 2005-2013 - жылдары ОшМУнун журналистика кафедрасынын доценти, 2017-ж.дан бери чет тилдер жана маданият аралык байланыштар кафедрасын, 2018-ж. бери орус филологиясы факультетинин магистратурасын жетектейт, 2002 - жылдын 1 - сентябрынан тартып ОшМУнун Ага Хан Фондусунун "Адам таануу" долбоорунун команда башчысы, ошондой эле 2015-жылдын декабрь айынан тартып орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору.
Төмөнкү аталган окуу диссциплиналар боюнча сабак берет:
- ХХ кылымдын II жарымындагы орус адабиятынын тарыхы
- Адабият теориясы
- Адабият сөз искусствосу катары
- Чыгармачылык усул жана адабий багыттары
- Орус проза жана поэзиянын азыркы тенденциялары
- Орус четөлкөлүк прозасындагы орус адабятынын каада-салттары
Инновациялык билим берүү технологиялары:
- Алдыга умтулган мини-лекция
- Интерактивдик маектер
- Жалпы дискуссия
- Чакан топтордо иштөө, презентациялар
- Мурдатан берилген суроолор жана аларды талкуулоо
- Жалпы маектешүү
- Проблеманы талкууга жеке даярдануу
- Компьютердик техника менен иштөө
- Интернетти пайдаланып маалымат табуу
- ХХ кылымдын 2-жарымындагы орус адабиятынын тарыхы
- Чыгармачыл усул жана адабий бгыттар
- Орус проза жана поэзиянын азыркы тенденциялары
- Орус четөлкөлүк прозасындагы орус адабиятынын каада-салттары
Илимий жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1990-жылдын декабрь айында "ХХ кылымдын 60-90-жж. Кыргызстан жазуучуларынын чыгармачылыгындагы мезгил жана мейкиндик проблемасы" темасында илимий ишин жактап, филология илимдеринин кандидаты, ошондой эле 2015-жылдын апрель айында "Кыргыз четөлкөлүктөгү публицистикалык адабиятынын өзгөчөлүктөрү Кыргызстандын жалпы социалдык-маданий контекстинин бөлүгү катары" деген темада ишин жактап, филология илимдеринин доктору наамына ээ болгон. ==Илимий кызыгуу тармактары:== Публицистика, этнология, адабият таануу, журналистика, лингвистика ==Илимий кызыкчылыкты мүнөздөгөн негизги сөздөр:== Диаспора, кыргыз четөлкөлүк, улуттук идентичносту, этникалык өздүктөрүн аныктоо, социомаданий контексти, идеялык көп түрдүүлүк
2015-2019-жылдары Эларалык илимий конференцияларда катышуусу:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- МНМС "Русский язык как иностранный", СПбГУ, Санкт-Петербург, 23-25, 06.2016
- МНПК "Евразийский экономический союз и социогуманитарное сотрудничество", КРСУ,Бишкек, 16.09.2016
- МНК "Духовное возрождение этнических традиций", ОшГУ, Ош, 10.11.2016
- МНПК "Теоретические и прикладные вопросы науки и образования", Тамбов, 03.2015
- МНК "Актуальные вопросы медиаисследований" НАММИ-МГУ, Москва, 2015
- МНПК "Современное общество, образование и наука", Тамбов, 01.2015
- МНПК "Публицистика в "горячей точке"", КРСУ, Бишкек, 2015
- МНК "Достижения и перспективы развития науки", РИО "Омега сайнс", УФа, 09.2015
- МНК "Журналистика литература", РТСУ, Душанбе, 16.10.2015
- МНПК "Инновационные условия развития науки и образования в межкультурном взаимодействии: комплексный подход", УГПУ, Сухум, 2015
Монографиялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Теория хронотопа и творчество Ч.Айтматова - Германия: Ламберт, 2014. - 6,56 п.л.
- Литература этнических кыргызов в диаспорах. Илимий монография. - Ош, 2010. - 57 п.л.
- Литература кыргызского зарубежья. Илимий Монограия. - Ош, 2011. - 7,15 п.л.
- Своеобразие кыргызской зарубежной литературы: социокультурный контекст. Илимий монография. - Ош, 2012. - 7,2 п.л.
Окуу китеп, курал, хрестоматиялар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Литература этнических диаспор в переводах на русский язык. 1 том. - Ош, 2009. - 3 б.т.
- Литература кыргызской диаспоры в переводах на русский язык. 2 том, - Б., 2010. - 2,5 б.т., Ош, Т.3. - 2,3 б.т., Т.4. - 2,4 б.т., Т.5. - 2,3 б.т., Т.6. - 2,4 б.т., Т.7 - 2,5 б.т.
- Техника и технология СМИ. Журналисттер үчүн хрестоматия. - Ош, 2002. 18 б.т.
- Основы литературоведческих знаний (Введение в литературоведение). - Электрондук окуу колдонмо. - Ош, 2012. 8 б.т. (114 б.)
- Античная литература. Электрондук окуу колдонмо. - Ош, 2012 - 10 б.т. (170 б.)
- Поэтика художественной литературы. Электрондук окуу колдонмо. - Ош, 2012. - 4 б.т. (58 б.)
- Теория литературы. Электрондук окуу колдонмо. Ош, 2012. - 7 б.т. (94 б.)
- Детская литература. Электрондук окуу колдонмо. Ош, 2012. - 8 б.т. (123б.)
Окуу жана илимий методикалык колдонмолор:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Поэтика художественной литературы. Методикалык сунуштар. - Ош, 2002. - 1,5 б.т. (32 б.)
- Основы литературоведческих знаний. Окуу-методикалык колдонмо. - Ош, 2002. - 1 б.т.
- История русской литературы ХХ века. Окуу-методикалык колдонмо. - Ош, 2002. - 1 б.т.
- Теория литературы. Окуу-методикалык колдонмо. - Ош, 2002, - 0,8 б.т.
Негизги илимий макалалар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Место М.М.Бахтина в развитии современной гуманитарной мысли. Вестник университета (РТСУ). - Душанбе, 2013. - №2 (41). С. 186-190.
- Особенности публицистики как искусства слова у памирских кыргызов. - 5-я межд.научн.конф. - Лондон, 2013. - С.65-70 (соавт.)
- Контент-анализ публицистики кыргызского зарубежья "Фил. науки. Вопросы теории и практики". Тамбов: Грамота, 2014, №4, ч.1. - С.184-187
- Специфика кыргызской публицистики в России. - Актуальные проблемы медиаисследований - 2014. - М.: МГУ, 2014. - С.111-114
- Взаимовлияние литературы метрополии и диаспоры. Всемирный форум русистов. - Япония: Киото, 2014
- Концептуальный аспект в публикациях фольклорных текстов этнических кыргызов. - ГАУ. - Горно-алтайск, 2014. - С.235-240
- Жанр путевых очерков в творчестве А.Алаева. Вестник ВорГУ. Серия: Филология. Журналистика. 2015. №2. - С.144-147
Илимий иштери боюнча жалпы маалымат:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баары 210 илимий иштин ээси, анын ичинде 7 монография (3 - соавторстводо). 16 илимий-методикалык иштер, анын ичинде 5 окуу колдонмолор КР ББИМ грифи менен, 180 илимий макалалар, илимий иштер жана илимий конференциялар жыйынтыктарында РФ, АКШ, Германия, Таджикистан, Казахстан, Жапон ж.б.у.с. жерлерде чыккан.
==Хобби== Туризм, китеп окуу, Интернет
Эл аралык проекттерде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2000-2008-жж. "Адам таануу" Ага Хан проектиси;
- 2003-2004-жж. Социология боюнча ЦАРЦтын проектиси;
- 2008-2009-жж. АКИнун CARTI проектиси;
- 2005-2006-жж. Улуу Британиялык "АЛЛАВИДА" программасы;
- 2010-2016-жж. 11 мамлекет арасындагы "Integrity Action" программасы;
- 2014-2020-жж. Азык-түлүк коопсуздук боюнча ЮНИСЕФтин программасы
- 2016-2020-жж. Мумкунчулугу чектелген балдарга эрте жардам берүү борборунда психотерапист болуп иштөөдө
- 2003-жылдын январь айынан азыркы күнгө чейин "ЦИМИР - Центр исследований и мониторингаинтелектуальных ресурсов" Коомдук фондусунун башчысы. Аталган фонд изилдөө, билим берүү жана баалоо ишмердүүлүк менен алектенет.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы (2017-ж.), Ардак грамотасы (2012-ж.)
- Илим жана интеллектуалдык мамлекеттик агенттигинин Жаш окумуштуулар үчүн Диплому (2001-ж.)
- Ош облустук администрациясынын Ардак грамотасы (2002-ж.)
- Ош мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы (1999-ж., 2003-ж., 2007-ж., 2017-ж.) ж.б.
==Электрондук дарек:==sabirova_venera@mail.ru