Саванна

Википедия дан
Саванна.

СаваннаАфриканын ачуу тийген күнүнөн бозоргон талаа алыстагы көгөргөн тоонун этегине чейин созулуп жатат. Көрксүз чөптөрдүн бычактай учтуу жалбырактарын кызгылтым чаң баскан. Жарака кетип, бозомтук тарткан кызгылтым күрөң ар кайсы жерден тикендүү бадалдар өскөн жылаңач такырлар көрүнө калат. Ойдуңдардын кээ бир жерлеринде суюк токойчолор, анда-мында дарактар: канат сымал жука жалбырактуу, ийри бутактуу ичке акациялар,жапыз өскөн тарбагай жоон баобабдар кездешет. Дарыяларды бойлой гана жапжашыл өсүмдүктөр өсөт. кургакчылык мезгилде саваннанын көрүнүшү мына ушундай. Ошентсе да анда жашоо-тиричилик дайыма кызуу жүрөт. Африкалык саваннадан башка дүйнөдө бир да жерде ири жаныбарлар мынчалык көп эмес. Чаңды асманга көтөрө дүбүрөшүп, үйүрү менен антилопалар жана буйволдор өтүшөт. Чаар-ала зебралар тартайган төө куштар менен бирге оттоп жүрүшөт. Жирафтар мойнун бийикке созуп дарактардын жалбырагын жешет. Пилдер тобу менен каалгып жайбаракат басышат. Кечкисин саванна күрүлдөгөн үнгө толот арстандар ууга чыгышты. Бул жерде мындан башка да көп жырткыч жаныбарлар темгилдүү көк жал, гепард, кара кулак шер жашайт. Саваннага окшош талаалар Австралияда, Түштүк Азияда кездешет. Бирок ал жерлер анча кең мейкиндикти ээлебей, жаныбарлар дүйнөсү да жардыраак.