Савитахунов Алымбек

Википедия дан

19-майда 1929-жылы, Балыкчы шаарында туулган. 1975–80-жылдары Кыргызстан КП Нарын обкомунун I катчысы. 1959-жылдан КПСС мүчөсү. 1949-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн. 1949–60-жылдары айыл чарба министрлигинде улук зоотехник, комсомол уюмунун катчысы, бөлүм начальниги, мал чарбасы боюнча Башкы башкарманын начальниги. 1960–63-жылдары Кыргызстан КП Тянь-Шань обкомунда айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, Тянь-Шань облаткомунун төрагасынын 1-орун басары, облустун өндүрүш жана айыл чарба продуктуларын даярдоо башкармасынын начальниги, 1963–65-жылдары Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КПСС БКнын Орто Азия бюросунун инспектору, 1965–67-жылдары Кыргыз ССР айыл чарба министринин 1-орун басары, 1967–71-жылдары КПСС БКда инструктор, 1971–75-жылдары Кыргызстан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, 1980–86-жылдары айыл чарба министри, 1986–89-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик агрардык өнөржай комитетинин төрагасынын орун басары - кадр жана сырткы байланыштар башкы башкармасынын начальниги болуп иштеген. 1979–84-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1971–80, 1985–90-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты болгон. Эл достугу, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. СССРдин социалисттик айыл чарба отличниги, Кыргыз ССР айыл чарба отличниги болгон.