Садыгалиев, Сүйдүмалы

Википедия дан

Садыгалиев Сүйдүмалы [1919, Аламүдүн району, Орто-Алыш (азыр Байтик) айылы —1966, Бишкек ш.] — мамлекеттик ишмер.

1939-ж. Бишкек курулуш техникумун, 1941-ж. Кемерово жөө аскерлер окуу жайын, 1951-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектебин бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
Адегенде 1939-ж. Тянь-Шань коммуналык чарбасынын округдук бөлүмүндө инженер, 1946-жылдан ошол эле жерде коммуналык чарбанын облустук бөлүмүн башкарган.

1947-ж. Кыргыз ССРинин коммуналык чарба министринии орун басары, 1951жылдан Министрлер Советинин алдындагы курулуш материалдар өнөр жай башкы башкармасынын начальники, 1953-жылдан Кыргыз ССР курулуш материалдар өнөр жай министри, 1956-жылдан Жергиликтүү өнөр жай жана курулуш материалдар министринии орун басары, 1957-жылдан Кыргыз ССР эл чарба советинин курулуш материалдар өнөр жай башкармасынын начальниги, 1958—59-ж. Кыргыз профессиялык союздар советинин төрагасы, 1959-жылдан Фрунзе таардык эл депутаттар кеңешинин aткapyy комитетинин төрагасы, 1961—69-ж. Кыргыз ССРинин курулуш министри, Курулуш боюнча Кыргыз аймактык башкы баш кармасынын начальниги — курулуш министри.
1964-жылдан Кыргыз ССРинин коммуналык чарба министри.
1958—66-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.

Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.