Садыр Базаров

Википедия дан

Базаров Садыр (1912, Чолпон району, Чолпон айылы — 1994, Кочкор району, Кочкор айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955-59) 1932-жылдан КПСС мүчөсү.

1931—36-ж. соода системасында, Советтик кызматтарда, 1936—37-ж. комсомолдун Кочкор райкомунун 1-катчысы, 1937—39-ж. даярдоо министрлигинин Кочкор району боюнча инструктору, 1939-жылдан партиялык иште, 1942-47-ж. Нарын облустук соода бөлүмүнүн башчысы, 1947—51-ж. Эмгекчилер депутаттарынын Ат-Башы райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин терагасы, 1951—53-ж. Нарын облустук керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасы, 1953—61-ж. партиянын Жумгал райкомунун 1-катчысы, 1961-жылдан чарбалык, администрация кызматтарда иштеген. Ленин, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.