Сазаншаң

Википедия дан

Сазаншаң — «Манас» эпосундагы топоним, этноним. Жакып менен бир атанын балдары Үсөндү калмактар айдап кетип, Үсөн атын жоюп Көзкаман деп ат коюп, кой кайтарткан жер (Саякбай Каралаев, 1. 108). Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Маңгуба деген жер деген,

Сазаншаң деген эл деген,

Сазаншаңдын улугу

Макел-Малгун эр деген (Сагымбай Орозбак уулу, 4. 223), — деп эл катары да айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4