Сазан кара балыгы

Википедия дан

Сазан кара балыгы (Schizothorax issykkuli), (Berg):

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшүнүн кыскача баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык бөлөк кара балыктардан туура катарларды пайда кылбаган эң майда кабырчыктары менен айырмаланат. Жонундагы тикендеринин узундугунун үчтөн экиси тишчелер менен капталган, ал эми бөлөк түрлөрүнүн тикендери башынан аягына чейин тишчелүү.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысыккөлдүн жээкке жакын бардык жерлеринде жана көлгө куюучу суулардын төмөн жактарында жашайт. Түштүк жээгине салыштырганда түндүк жээгинде көбүрөөк кездешет. Түп, Жыргалаң, Кызылсуу куймаларында кадимки түр.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбүнчө көлдүн өзөн-суулар куюлган тузсуз жерлерин артык көрөт. Жылуу мезгилдерде тереңдиги 5-10дон 25 метрге чейинки тайыз жерлерде көбүрөөк кездешет, кышкысын 40-60 м тереңдике ооп кетет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлдүн бардык жеринде аз санда. ХХ кылымдын 50-жылдарында жалпы кармалган балыктын 3%тин түзгөн, азыркы убакта бирин-серин кездешет. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Чоң үйүрлөрдү пайда кылбайт . Жыныстык жактан денесинин узундугу 26-31 см, 4-5 жашка келгенде жетилет. Эркектери денесинин узундугу 17-18 см болгондо эле ургаачысынан бир жыл мурда жетилет. Уругу кесек, жабышкак жана уулу. Урук таштоосу майда суунун температурасы +6°,+8°С болгондо башталып, июлдун ортосуна чейин созулат. Балыктардын 80-90%инин урук таштоосу бир убакта, ал эми 10-20%и порцияланып өтөт , инкубациялык мезгили 6 суткага чейин . Уругун таштардын четтерине, өсүмдүктөргө жакын сууга чөккөн жыгачтарга таштайт. Ысыккөл кара балыгынын төлү 1200дөн 9300 икрага чейин жетет. Суудагы омурткасыз жандыктар жана өсүмдүктөр менен азыктанат, алардын ичинде көбүнчө моллюскалар жана харалар. Чоң особдору балыктар менен да тамактанат .

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайра көбөйүү үчүн табигый шарттардын начарлашы, браконңерлик, жырткыч балыктардын түрлөрүн байырлаштыруу.

Асыроо (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болгон эмес .

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы күндө корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балык кармоону сүйүүчүлөргө жана промыселдик иштерге тыюу салуу, жасалма түрдө көбөйтүүнү уюштуруу. Санынын төмөндүгүнүн себебин аныктоо жана колдо кайра көбөйтүүнүн биотехникасын иштеп чыгуу, табигый көбөйүүчү жерлерди сактап калуу максатында корук жерлерин аныктап түзүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2 [ EN: D ] . Ысыккөлдө жашаган сейрек кездешүүчү таксон. Өз алдынча түр катары 1953-жылдан бери белгилүү . Саны азайып бара жаткан эндемик, промыселдик мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]