Саипов Жоробек

Википедия дан

Саипов Жоробек 1953-жылдын 21-мартында Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1971-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин, Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтуна тапшырып, аны 1976-жылы ийгиликтүү аяктаган.
  • Эмгек жолун 1976-жылы Сузак районундагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп баштаган.
  • 1979-жылы аталган спорт мектебинин директорунун орун басары кызматына которулат да, 1983-жылдан баштап, спорт мектебинин директору болуп дайындалат.
  • Эгемендүүлүк алгандан кийин, Жалал-Абад шаарында Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтунун филиалы ачылган.
  • 1995-жылы ошол филиалда ага окутуучу болуп иштей баштайт.
  • 1997-жылдан 2004-жылга чейин, филиалдын чарба иштери боюнча орун басары, андан кийин биринчи орун басары, ал эми 2004-жылдан ушул учурга чейин, филиалдын директору кызматын аркалап келет.
  • Ж. Саиповдун көп жылдык эмгектери бааланып, Кыргыз Республикасынын Дене тарбия отличниги төш белгиси, «Эл агартуунун отличниги», Сузак районунун ардактуу атуулу, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамдарын жана бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Учурда Багыш айыл кеңешинин төрагасы болуп да эмгектенет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3