Сайра Кийизбаева

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сайра Кийизбаева.

Кийизбаева, Сайра (7 11 1917 — Төкөлдөш айылы 10 10 1988) – кыргыз ырчысы. Үнү лирика-драмалык сопрано. СССРдин эл артисти (1958), профессор(1967). Азыркы Бишкек шаарынын Төкөлдөш аймагында туулган.

1938-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрына солист болуп кирген. 1947–49-жылдары Москва консерваториясында окуган. 1953-жылы Чоң театрда Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляйдын партиясын (орус тилинде), Кыргыз операларындагы башкы партияларды («Манаста» – Каныкей, Айчүрөктө – Айчүрөк, «Токтогулда» – Тотуя) аткарган. М. Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайында (1956), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институнда 30 жылдан ашуун сабак берген.

Өмүр жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

Билими[оңдоо | булагын оңдоо]

1947-1949-жылдары Москва консерваториясында окуган.

Аткарган ролдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Сайра Кийизбаева чыгармачылык жолун 1936-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрына солист болуп кирүүдөн баштаган.

1937-жылы В.Власов менен В.Ференин «Алтын кыз» музыкалык драмасында Ажардын ролун ойнойт. Жупуну вокалдык партия Кийизбаевага ырчы катарында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген жок, бирок Ажардын образы анын артисттик мүмкүнчүлүктөрүн өзүнчө бир сыноо болду. Ошого карабастан, ал каарманынын жандуу сезимин ишенимдүү берүүгө жетише алды. Мына ушундан улам анын таланты эле аныкталбастан, окуудагы ийгилиги да ишенимдүү аныкталды.

1938-жылдын күз айларында музыкалык драма театры кыргыздын биринчи операсы "Айчүрөктү" даярдоого киришет. Кийизбаева болсо башкы партияны даярдайт. Бул спектаклде Сайра Кийизбаева Айчүрөктүн укмуштуудай поэтикалуу жана көп кырдуу образын жаратууга жетише алган. Жаш ырчы сахнада курбулары менен болгон назик кыялдануусун да, Семетей менен жолугушуу дагы лирикалык жылуулукту да, душмандын маңдайында турганда зор токтоолукту да, Чыңкожо менен сүйлөшүүдө аялдык кылыктанууну да ишенимдүү бере алды. Ырчы өзүн өтө эле токто кармаганы менен андан Айчүрөктүн бүтүндөй мүнөзү байкалып турду. Сырткы көрүнүшүндө эмоция болбогон, элдин улуттук мүнөзү да сезилди. Мына отуз жылдан бери "Айчүрөк" операсы кыргыз опера жана балет театрынын репертуарынан түшпөй келет.

Жаш ырчы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз маданиятынын он күндүгүндө В.Власов, А.Малдыбаев жана В.Ференин «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн ролун чоң ийгилик менен аткарат.

1953-жылы кыргыз опера ырчыларынан биринчи болуп Москванын Чоң театрында Пуччинин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляй айымдын партиясын орус тилинде аткарат. Бул эң маанилүү экзамен болгондуктан, москвалык көрүүчүлөрдү өзүнө багындырып, экзаменден укмуштуудай ийгилик менен өткөн.

Педагогикалык ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда жана Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтунда чейрек кылымдан ашык сабак берген. А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын да жетектеген.

Сыйлыктары жана наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат да болот.

Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Пайдаланылган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

К. Жусупов, Э. Кылычев. Аялзатка таазим. Бишкек,1996.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]