Сайт (биология)

Википедия дан

Сайт (биология) (англ. site - орун, турган орду) - гендин рекомбинациялык картасында чекиттик мутациялардын жайгашкан орду. Эки тизмектүү ДНКнын молекуласында ар бир С. нуклеотиддердин белгилүү жубуна, же генетикалык материалы РНКнын же ДНКнын бир жипчесинен туруучу вирустарда, бир нуклеотидге туура келет. Ошондуктан бир С-та жайгашкан эки мутациянын ортосунан рекомбинация кубулушу байкалганга чейин, алар бир С-та локализацияланган болуп эсептелишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]