Сайыш

Википедия дан

САЙЫШ, эрсайыш – уруктар, уруулар, элдер жаатташып урушканда, эки тараптын башчылары же эр жүрөк баатырлары ортого жекече чыгып кылыч менен чабышып, найза менен сайышып, кимиси жеңилсе ошол тарап жеңгендерге багынышкан. Сайышка машыгуу иретинде уруктун же уруунун жигиттери той-тамашаларда, аштарда, айтыштарда сайышуу өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Мындай сайыштата найзанын учу текши кесилип, ага куургучтун башындай кийиз же жүн орошкон. Сайышчу балбандардын көкүрөгүнө калың ичмектүү эски тердиктерди таңышкан. Моюнга, башка саюуга тыюу салынган. Мындай сайыштарга чоң байгелер коюлган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.