Саканак таңгыч

Википедия дан

Жайылган керегелердин бири-бирине ашталган саканактарын бириктирип бекитүүчү сызма. Мунун өрмөкчүлүк аркылуу бүткөнүн эни уук тизгичтей келет. Бир жүздүү, эки жүздүү терме менен да согулат. Жөнөкөй эле сызма түрүндө да болот. Эшилген жиптен «саканак таңгыч» кылып да жүрушөт. Буга түшүрүлгөн көркөм көчөттөр «уук тизгичке» окшошот. Алар биринин кооздугун бири кайталайт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]