Уук тизгич

Википедия дан

Боз үйдүн боо-чууларынын бири. Керегеге жапырт сайылган (тигилген) ууктардын жылып кетпеси үчүн билегине текши кыркалай имериле оролгон сызма, терме таар. Мунун өрмөгүнө жети гана тал жип чалынып, ууктан оң-тетири тарабы көрүнүп тургандыктан көбүнчө көркөмдүк үчүн эки жүздүү терме түрүндө согулат. «Уук тизгич» өрмөк түрүндө да, эшме жип түрүндө да болушу ыктымал.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)