Сакмал

Википедия дан

Сакмал, сакмал - жаш козулуу кой тобу.

Ал тууттан 2-4 күн өткөндөн кийин 5-7 тубар койдон түзүлөт. Өзүнчө чакан тор тосмого которулат. Ар Сакмал га козусунун жашы жана төрөлүшү бирдей койлор кошулат. Козу менен энесине бирдей белги салынат же атайын номер илинет. Козу чоңойгон сайын Сакмал көбөйүп, бир айдан кийин жалкы козулуу 60-120 же эгиз козулуу 30-60 койго жетет.

Кыркынга чейин Сакмал бир короого бириктирилет. Сакмал дагы койду сакмалчы тейлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.