Саксе Анна

Википедия дан

Саксе Анна (3(16). 1. 1905-ж. т., - 1981) - латыш совет жазуучусу, Латыш ССР эл жазуучусу (1965).

1925-27-ж. Латвия университетинен окуган. Чыгармалары 1925-жылдан жарыялана баштаган. «Эмгекчил уруу» романы (1941) латыш дыйкандарын 1905-07-жылкы революцияга алып барган жолду көргөзөт. «Тоодо» романы (1948; СССР мамлекеттик сыйл., 1949) латыш кыштактарында социалисттик түзүлүштү орнотуу күрөшү жөнүндө.

«Түнкү учкундар» романында (1-2-т., 1951-57; Латыш ССР мамлекеттик сыйл., 1959) бурж. Латвиядагы интеллигенция турмушу сүрөттөлөт.

Саксе - балдарга арналган китептердин да автору. СССР Жогорку Советине (3-4-шайл.) депутат. Октябрь Революциясы ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.