Сак цивилизациясы
Сак цивилизациясы - биздин заманга чейин VII-III кк. Орто Азия республикалары менен Казакстан ээлеп турган эбегейсиз зор мейкиндикте жалпы жонунан сактар, же скифтер деп аталган көп сандаган уруктар жашаган. Индиялык булактарда буларды турлар, байыркы кытайлык маалыматтарда сэ эли деп аташат. "Сак" деген түшүнүк "эркин адам", "күчтүү эркек (жоокер)" дегенди билдирген. Орто Азиянын элдеринин тарыхы боюнча алгачкы маалыматтар Зороастризм дининин ыйык китеби - Авестада (биздин заманга чейин VI-IV кк.), Дарий I нин мезгилиндеги байыркы персиялыктардын жазууларында (биздин заманга чейин 522-486-жж.) кездешет. Дарий I ге баш ийген элдердин катарында сактардын үч бөлүгү: Хаумаварга, сака-тиай-пара-дарайя, жана сак-тиграхауда көрсөтүлөт. Окумуштуулар сактардын биринчи бөлүгү – Памирде (Мургаб, Фергана), экинчиси – Арал деңизинен түштүк-чыгыш тарабында, үчүнчүсү – аларга коңшулаш жайгашкан деп божомолдошот. Байыркы авторлор Азиянын талааларындагы уруулардын бардыгын эле сактар деп аташкан. Ошондуктан алардын сактар жөнүндө билдирүүлөрүнүн бардыгын эле Кыргызстанда жашаган сактарга тиешелүү деп эсептөөгө болбойт. Борбордук Азиянын элдери жөнүндө маалымат Геродоттун (биздин заманга чейин 484-425-жж.) шарттуу түрдө "Тарых" деп аталган китебинде берилет. Анын маалыматтары боюнча көчмөн уруулар Дон дарыясынан Теңир-Тоого чейин отурукташкан. Анда "сактар" (скиф уруулары) баштарына чуштугуй, калың баш кийим кийишкен, жаа, канжар, айбалта менен куралданышкан. Сактардын атчандары эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланышкан. Ктесий (биздин заманга чейин болжол менен 400-ж.) сак аялдарынын баатырдыгы, алардын согушта күйөөлөрүнө көрсөткөн жардамы, мидандар менен болгон кагылышуудагы Зарина аттуу аялдын эрдиги жөнүндө жазат. Полизий (биздин заманга чейин II к.) сактардын үч падышасынын: Саксефар, Фамир жана Аморгдун ысымдарын атаган. Биздин заманга чейин VI-V кк. Орто Азиялык сактар эки ири уруу союзуна биригишкен. Биринчи союзга массагеттер, абилер, апасиакилер, дебектер, дахилер жана башка уруулар кирген. Байыркы персиялык булактарда булар "тиграхауд сактары" ал эми байыркы гректерде "ортокарибант сактар", которгондо "шуңшугуй калпакчан сактар" делип аталган. Сактардын айрым жол башчылары баштарына куштун (бүркүттүн) канатын сайынып жүрүшкөн. Бул союзга кирген сактар Каспий деңизинен жана Узбойдон тартып, Теңир-Тоо менен Иле дарыясынын өрөөндөрүнө чейинки аймакты ээлеген. Экинчи союз Түндүк Индиядан Алайга жана Ферганага чейинки мейкиндикти ээлеп турган. Перстер аларды "хаумаварга", так айтканда "Хаум чөбүн урматтаган сактар" деп аташкан. Азыркы Кыргызстандын түндүк районунда "тиграхауд сактары", ал эми түштүгүндө "хаумаварга сактары" жашашкан. Тарыхчы Т.Рыскулов сактар байыркы түрк тилдеринде сүйлөшкөн, көбүнчө европеоид түспөлүндөгү уруулардын союзу болгон деп негиздейт. Тиграхауд сактарынын айрымдарында моңголоиддик белгилер кездешкен. Сактарды түрк тилдүү элдердин, анын ичинен кыргыздардын ата-бабалары болгон деп эсептөөгө толук негиз бар. Профессор С.Аттокуров «Тайлак баатыр» деген эмгегинде кыргыздын саяк уруусу генеологиялык жактан сактар менен байланыштуу деген пикирди айтат. Коомдук түзүлүшүндө сактар үй-бүлөлөрдөн турган көчмөн общиналарга бириккен. Ал эми общиналык түзүлүштүн бузулушунун натыйжасында урук-уруулардын ак сөөктөрү бөлүнө баштайт. Аскер башчыларынын мартабалары жогорулап, байлыктары өскөн. Биздин заманга чейин V к. сактардын коомунда социалдык теңсиздик пайда болгондугун аларга тиешелүү көрүстөндөрдүн көлөмү, андан табылган археологиялык эстеликтер далилдейт. "Падышалардын" мүрзөлөрүнүн диаметри 50дөн 120 м, бийиктиги 9-15 м жетет. Уруунун ак сөөктөрү диаметри 30-45 м, бийиктиги 5-7 м келген мүрзөлөргө, эрдик көрсөткөн жоокерлер чоңураак, ал эми карапайым адамдар бир аз гана белгиленген мүрзөлөргө коюлган. Эң чоң мүрзөлөрдөн 4 миңге чейинки алтын буюмдар, карапайым адамдардыкынан бирин-экин гана чопо, идиштер табылган. Коомдун эң төмөнкү баскычында аз сандагы кулдар турган. Коомдук түзүлүшү боюнча сактар мамлекет түзүүнүн алдында турган десе болот. Жаратылыш шартына ылайык Кыргызстандын түндүгүндөгү сактар негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Ферганалык сактар болсо мал чарбасын дыйканчылык менен айкалыштырган. Мал чарбасында короо-короо кылчык жүндүү койлорду, тоого ылайыкташкан үйүр-үйүр жылкыларды, эки өркөчтүү төөлөрдү, уйларды багышкан. Дыйканчылыкка ылайык жерлерде сугат иши өнүккөн. Буудай, арпа, таруу айдашкан. Сүт менен эт сактардын негизги азык-түлүктөрүн түзгөн, жүндөн, өсүмдүк буласынан жип ийрип, кездеме токушкан. Кийизден жасалган шуштугуй калпактарды кийишкен. Териден кийим тигип, ат жабдыктарын, идиштерди жасоо кеңири тараган. Кыргызстандан сак маданиятынын эстеликтери Чүй өрөөнүнөн, Ысык-Көлдөн, Теңир-Тоодон жана башка жерлерден табылган. Курмандык чала турган такта, шам чырактар, конус формасындагы буттары бар казандар өтө зор кызыгууларды туудурат. Белгилей кете турган нерсе бул буюмдар айбандардын колодон жасалган сөлөкөттөрү менен өтө чебер кооздолгон. Археологиялык эстеликтер сактарда зергерчилик иши жогорку чеберчиликке жетишкенин айгинелейт. Алтындан, колодон жана чоподон жасаган буюмдар, ар түрдүү кооздуктар, озгөчө айбанаттардын сөлөкөттөрүн жасоо жана сүрөтүн түшүрүү искусствосу сактардын дүйнөгө болгон көз карашын, философиясын чагылдырат. Биздин заманга чейин VI к. тиграхауд сактары өзүнүн көз каранды эместиги үчүн күчтүү перстер (ирандыктар) менен кармашат. Биздин заманга чейин 550-ж. персиянын падышасы Кир II Мидия малекетин талкалап, Жер Ор-толук денизинен Инди өрөөнүнө чейинки мейкиндикти ээлеген, борбордоштурулган кубаттуу Ахемениддер мамлекетин негиздейт. Улуу грек тарыхчысы Геродоттун жазып калтырган маалыматтары боюнча Кир II өзүн кудайларга тенеп, эч качан жеңилбесмин деп эсептеген. Ал өзүнүн гвардиясын «өлбөстөр» деп атаган. Биздин заманга чейин 530-ж. ал тиграхауд сактарын талкалоо үчүн 200 миң күчтүү аскери менен аттанат. Бул согушта сактардын башында ханыша Томирис турган. Адам каны суудай аккан бул кыргында перстер жеңилип, дүйнөлүк бийликке умтулган Кир II өлөт. Бул салгылашта өзгөчө эрдик көргөзгөн сактардын гвардиясы «кырылгыздар» (кыргыздар) деп аталган деген маалымат бар. Биздин заманга чейин 519-518-жж. Ахеменид династиясынын кезектеги падышасы Дарий I сактарды баш ийдирүүгө жетишип, аларды салык төлөп турууга мажбур кылат. Канчалык аракет кылганы менен ирандыктардын бийлиги Сыр-Дарыядан түндүккө өтө алган эмес. Кыргызстандын түндүгүндө жашаган сактар Персияга каршы согуштарга катышканы менен өз жерин иран баскынчыларына тепсеткен эмес. Кийинчерээк сактар иран элдери менен тынчтык жана согуштук мамиледе болуп, дүйнөлүк ири тарыхый окуя болгон Грек-перси согуштарына (биздин заманга чейин 500-449-жж.) катышкан. Айтылуу Мара-фон салгылашуусунда (биздин заманга чейин 490-ж.) сак атчандары каарман эрдиктерди көрсөтүшкөн. Согуш ишине өтө машыккан сак жоокерлери Грецияны жана Египетти басып алууда перстерге чон жардам беришкен. Вавилондун жана Египеттин шаарларында сактардын аскер кыштактары болгон. Сактардын тарыхынын кезектеги барагы байыркы дүйнөнүн тарыхындагы белгилүү кол башчы Александр Македонскийдин баскынчылык согушуна байланыштуу. Грек-македон баскынчылары Ахеменид династиясын талкалап басып алгандан кийин Орто Азияга жортуул жасашкан. Биздин заманга чейин 331-ж. Македонскийдин аскерлери перстер менен сактардын аскерлерин жеңип, 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгине чыгат. Бирок бул жерден баскынчылар сактардын күчтүү каршылыгына дуушар болгон. Анткени сактар биздин заманга чейин IV к. бул жерде өздөрүнүн мамлекетин негиздеп, экономикалык жана саясий жактан бир кыйла жонгө салынып калган. Аскердик тартип чыңдалып, согуш өнөрү өскөн. Курал-жарагы боюнча алар грек-македондуктардан кем калышкан эмес. Александр Македонскийдин аскерлери менен сактардын чечүүчү салгылашы биздин заманга чейин 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде болгон. Орто Азия элдери күрөштө жеңилген, баскынчылар да баштагы күч-кубатынан кайтып калышкан. Ошондуктан Македонскийдин Ин-дияга журүшү кечеңдеген. Индияга жасаган жортуулдан кийин Александр Вавилонго кайтып келип, биздин заманга чейин 323-ж. капысынан дүйнөдөн кайткан. Грек-македондуктар Кыргызстандын аймагына тереңдеп кире алышкан эмес. Чыгыш тарабынан алар Ош областынын Лейлек району аркылуу агып өткөн Кожо-Бакырган-Сай суусуна чейин гана жетишкен. Александр Македонскийдин колбашчысы Селевк б.з.ч. 312-ж. өзүнүн жаңы Грек-Бактрия мамлекетин негиздеген (биздин заманга чейин 312-64-жж.). Бул мамлекеттин эң чыгышындагы Антиохия шаары – азыркы Өзгөндүн жанында болгон деген божомол бар. Бул ферганалыктардын кыска меөнөттө гректерге көз каранды болгондугун айгинелейт. Алыскы Греция менен Кыргызстандын түштүгүнө чейинки байланыш кийин Кытайдан Римге чейин созулган Улуу Жибек жолунун түзүлүшүнө өбөлгө болгон. Сактардын акыркы мезгили жөнүндө маалыматтар тарыхта аз. Сактардын арасында уруу биримдиктеринин начарлашы чыгыштан келген күчтүү көчмөндөрдүн кысымына туруштук бере алган эмес. Биздин заманга чейин II к. дарыянын аркы өйүзүндөгү сактарды хуннулар тарабынан Чыгыш Түркстандан сүрүлүп чыккан юэджилер (тохарлар) жедип алган. Юэджилер Теңир-Тоо менен Ферганада көпкө тура алышкан эмес. Алар сактар менен биргелешип Орто Азиядагы Грек-Бактрия падышачылыгын талкалашат. Хуннулардын империясы күч алып турган чакта өз алдынча болууга умтулган усундар биздин заманга чейин II к. ортосунда Чыгыш Түркстандан Борбордук Теңир-Тоого жылып, бул жердеги сак урууларын каратып алышкан. Ушуга байланыштуу Жети-Суулук жергиликтүү сактар батышка, Орто Азиянын борбордук бөлүктөрүнө, бийик тоолуу жерлерди карай журт которууга аргасыз болушкан. Сактардын калган бөлүктөрү усундар менен аралашып, кийинки элдердин калыптанышына өбөлгө болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010