Самар Язбек

Википедия дан
Самар Язбек

Самар Язбек, Стамбул (2013)
Туулган жери:

Сирия, Жабле шаары

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, журналист

Сыйлыктары:

“The crossing” үчүн Мыкты чет элдик китеп сыйлыгы (Франция)

Самар Язбек ( араб. سمر يزبك‎, 1970-жылы Сириянын Жабле шаарында жарыкка келген) – Cириялык жазуучу жана журналист. Ал Латакия шаарындагы Тишрин Университетинде Араб адабиятын изилдеген. Ал романдарды, аңгемелерди, киносценарийлерди, теле драмаларды, кино жана теле сынды жана адабий баяндарды камтыган ар кандай жанрларда жазган. Анын бир нече араб тилинде жазылган чыгармалары башка тилдерге которулган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 2010-жылы Hay Festival тарабынан уюштурулган Beirut39 сынагында 40 жашка чейинки 39 көрүнүктүү авторлордун бири болуп сыйланган. [1] 2011-жылы ал Асад режимине каршы элдик көтөрүлүшкө катышып бир нече айдан кийин сүргүнгө кетүүгө аргасыз болгон. 2012-жылы ал PEN/Pinter Prize International Writer of Courage Award абройлуу сыйлыгына A Woman in the Crossfire: Diaries of the Syrian Revolution китеби үчүн ээ болгон. [2] [3] Ошол эле жылы Швециянын Tucholsky [4] жана Голландиянын Oxfam/PEN сыйлыктарын алган. [5] 2016-жылы Язбектин адабий баяндооcу Франциянын «Эң мыкты чет элдик китеп» сыйлыгына татыган. [6] Жазуучу сириялык искусство адамдары баштаган Сириянын маданий кербени атту көркөм жана маданий кыймылында катышкан. [7]

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Язбек Сириядагы адам укуктарын, аялдардын укуктарын колдойт. 2012-жылы ал Сириялык аялдардын экономикалык жана социалдык жактан мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү максат кылган жайгашкан Women Now for Development бейөкмөт уюмун ачкан.

Жылы Басылмалар Жанры Өлкөлөр
2018 19 women: Tales of resilience from Syria Адабий баян Франция – Швеция – Италия
2017 Al-Mashāʾa [The one who walks (female)] Роман Дат тилине которулган ("Du må ikke dø")-Шведче ("Hon som vandrar")
The blue pen (Көк калем) Роман Франция-Швеция-Норвегия-Германия-Ливан
2015 The Crossing Адабий баян Франция-Швеция-Норвегия-Улуу Британия-Ливан-Испания-Португалия-Польша-Малайзия-Греция-Румыния-Индия-Кытай-Италия-Жапония
2012 A Woman in the Crossfire: Diaries of the Syrian Revolution Адабий баян Франция-Улуу Британия-Нидерланды-Швейцария-Түркия
2010 In her mirrors Роман Италия-Ливан
2008 The mountain of lilies Роман Сирия
2008 Cinnamon Роман Франция-Швеция-Норвегия-Италия-Улуу Британия- Швейцария-Ливан
2005 Clay Роман Мисир
2002 A girl from heaven Роман Сирия
2000 Words of women (Аялдардын сөздөрү) Кыска аңгемелер Сирия-Ливан
1999 Automn flowers Кыска аңгемелер Сирия

Сыйлыктары жана айырмачылыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2016-жылыThe Crossing үчүн мыкты чет элдик китеп сыйлыгы (Франция) [8] [9] [10]
  • 2013-жылыA Woman in the Crossfire: Diaries of the Syrian Revolution үчүн PEN-OXFAM Novib сыйлыгы (Нидерланды) [11] [12]
  • 2012-жылыA Woman in the Crossfire: Diaries of the Syrian Revolution үчүн PEN Tucholsky сыйлыгы (Швеция)
  • 2012-жылыA Woman in the Crossfire: Diaries of the Syrian Revolution үчүн PEN Pinter сыйлыгы (Улуу Британия)
  • 2010-жылы – Beirut 39, Hay фестивалында 40 жашка чейинки көрүнүктүү жазуучулар сыйлыгы (Бейрут)
  • 2000-ж. ЮНИСЕФ, "A falling sky" үчүн эң мыкты адабий сценарий сыйлыгы (ТВ сценарийи)

Башка жазуулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Жымжырттык", PEN Атлас, февраль 2014 [13]
  • "Мен сокур көз жана кырк манжа менен жазам", цензура боюнча индекс (Улуу Британия), [14] Декабрь 2014
  • "Сириядагы эки жарым жылдык кыргын жөнүндө", SvD (Швеция) & FAZ (Германия), сентябрь 2013
  • “Сириянын тозогу”, Le Nouvel Observateur, [15] bibliobs (Франция), сентябрь 2013
  • “Романчы ыңкылапчыга каршы: Менин сириялык дебатым”, [16] Washington Post (АКШ), сентябрь 2013
  • “Асаддын бомбаларынын көлөкөсүндө”, [17] The New York Times, OpEd (АКШ), 2012-ж.
  • "Эки киши", The Guardian (Улуу Британия), [18] 2011-жыл

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Samar Yazbek talks to Jo Glanville (англисче).
  2. Syrian author shares PEN/Pinter prize with Carol Ann Duffy (en-GB).
  3. Samar Yazbek Awarded International PEN Pinter Prize (en-US). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2019.
  4. Samar Yazbek från Syrien får Tucholsky-priset (sv-SE).
  5. Terugblik: Samar Yazbek (Syrië) ontving Oxfam Novib/PEN-Award op festival 2013 (англисче).
  6. Le prix du Meilleur livre étranger récompense la Syrienne Samar Yazbek (фр.).
  7. Syrian Cultural Caravan (en-US), SPACE (26 Апрель 2016). Архивировано из первоисточника 20 -июнь (кулжа) 2018. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2023.
  8. Le prix du Meilleur livre étranger récompense la Syrienne Samar Yazbek (фр.).
  9. Le prix du meilleur livre étranger/Sofitel 2016 pour Helen MacDonald et Samar Yazbek (фр.).
  10. Le prix du Meilleur Livre étranger Sofitel | ATLF (fr-FR). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2019.
  11. Oxfam Novib/PEN Award for Freedom of Expression (англисче). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2019.
  12. Syrische journaliste ontvangt Oxfam Novib/PEN-Award (нидерландча).
  13. RobertSharp Samar Yazbek Awarded International PEN Pinter Prize (en-US) (9 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2019.
  14. Yazbek, Samar (in en). SAGE Journals: Your gateway to world-class journal research. 
  15. Samar Yazbek, la revenante de l'enfer syrien (фр.).
  16. SamarYazbek The novelist vs. the revolutionary: My own Syrian debate (September 13, 2013).
  17. Yazbek, Samar. Opinion | In the Shadow of Assad’s Bombs (en-US) (9 -август (баш оона) 2012).
  18. Hussey, Andrew. Samar Yazbek: ‘Syria has been hung, drawn and quartered’ (en-GB) (28 -июнь (кулжа) 2015).