Самуил Маршак

Википедия дан

Маршак Самуил Яковлевич [22. 10(3. 11). 1887, Воронеж – 4. 7. 1964, Москва] – орус совет акыны. Бала чагынан ыр жаза баштаган. 1902-жылдан анын адабий тарбиясына жана тагдырына В. В. Стасов, М. Горький көп көңүл бөлгөн. Маршак 1912–14-жылдары Лондон университетинде окуган. Ырлары 1907-жылдан жарыялана баштаган. 1915–17-жылдары англис поэзиясынын котормолору жарык көргөн. 1920-жылы Краснодарда балдар үчүн театр уюштуруп, жомок-пьесалар жазган. 1923-жылы балдар үчүн туңгуч ыр китептери («Жек салган үй», «Капастагы балдар» ж. б.) чыккан. 1923–25-жылдары «Новый Робинзон» журналын, кийин да Детгиздин Ленинграддагы редакциясын башкарып, балдар адабиятын өөрчүтүүгө көп күч жумшаган. Жаш окурмандар үчүн «Өрт», «Почта», «Днепр менен согуш», «Мистер Твистер», «Белгисиз баатыр баяны», «Аскер почтасы» ж. б. балдар театры үчүн пьесалары («Он эки ай», «Акылдуу буюмдар» ж. б .) көп сандаган жомоктору, ырлары, табышмактары бар. Ал англис акындары У. Шекспирдин сонеттерин, Р. Бёрнстин, У. Блейктин, У. Вордсворттун, Р. Киплингдин, Ж. Китстин ырларын жана балладаларын орус тилине которгон. Анын бул эмгектери – котормо өнөрүнүн бийик үлгүлөрүнөн. С. Я.Маршак лирик акын («Тандамал лирика», 1962; Лениндик сыйлык, 1963), прозаик, сынчы катары да белгилүү. Анын китептери чет элдердин тилдерине көп ирет которулган. Төрт жолу (1942, 1946, 1949, 1951) СССР мамлекеттик сыйлыгын алган. Эки Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган. Чыгармалары: Собрание сочочинений. М., 2005. Т. 1–4.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]