Санактар

Википедия дан


Санактар, санак ырлары – кыргыз оозеки поэзиясындаучураган, балдарды саноого үйрөтүү, эсептей билүүгө көнүктүрүү мүнөзүндөгү чыгармалар.

Алар балдарга гана эмес, кээде чоңдорго да арналып, филос. маани-мазмунга ээ болот. Мис.,

  • – Бир деген эмне?
  • – Бир деген – бир Кудайдын аты.
  • – Эки деген эмне?
  • – Эки киши эрикпейт.
  • – Үч деген эмне?
  • – Үч бутталуу ат кетпейт.
  • – Төрт деген эмне?
  • – Төрөлүү журт бузулбайт.
  • – Беш деген эмне?
  • – Бешикте бала ыйламайын эмчек бербейт.
  • – Алты деген эмне?
  • – Алты ак баш атанга жүк арткан муңайбайт.
  • – Жети деген эмне?
  • – Желкесинен ок тийген оңбойт.
  • – Сегиз деген эмне?
  • – Серкелүү кой суу кечет.
  • – Тогуз деген эмне?
  • – Тогуз кат торко кийген суукка тоңбойт.
  • – Он дегеничи?
  • – Он – оюң.
  • – Он бир деген эмне?
  • – Он бир – коюң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3