Мазмунга өтүү

Сандаве

Википедия дан

Санда́ве (васандаве) — Танзаниянын борбордук аймактарындагы (Додома региону, Кондоа округу) Бубу жана Мпонде дарыяларынын ортосундагы жашаган автохтондук эл.
Саны 60 миң адам (2014-ж.).


ТИЛ

Койсан гипотезасынын алкагында каралган обочолонгон сандаве тилинде сүйлөйт. Банту тилдери (суахили, ньятуру ж.б.) да колдонулат.


ИШЕНИМДЕР

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Рухтарга (токойдун, аскалардын, үңкүрлөрдүн, пайдалуу жана зыяндуу ж.б.) сыйынуу кеңири таралган. Ошондой эле Айдын, жылдыздардын, жыл мезгилдердин, жаачынын культтары болгон. Магия колдонушат.
Христиан динин избасарлары бар.


КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Сандаве Чыгыш Африкадагы эң байыркы элдердин бири. Аларда байыркы Ү-хромосомалык жана митохондриялык гаплогруппалар аныкталган. Сандавенин ата-бабалары палеолит доорунда хадза ата-бабаларынан бөлүнүп кетишкен.
Сандаве банту элдеринин маданият элементтерин кабыл алган.
XX кылымдын башында сандаве эли герман колонизаторлору тарабынан террорго (массалык өлтүрүүлөр, тоноолор, камчы менен системалуу жазалоо) кабылган.


КООМ

Салттуу коомдук уюмдун негизин бир нече чакан үй-бүлөлөрдөн турган чакан топтор түзөт. Өз ара кызматташуу системасы практикаланат, мисалы үй курууда, аңчылыкта (пил, керик, буйвол), түшүм жыйноодо.


ЧАРБАЛЫК ИШТЕР

Аңчылык, жыйноочулук жана балык уулоо менен алектенишет. XX кылымда дыйканчылык (жерди кол менен иштетүү) жана малчылык (эчки, тоок) айрым топтордун арасында тараган.


МАДАНИЯТ

Ыр жана бий фольклору өнүккөн. Жаныбарларды (арстанды ж.б.) имитациялоо бийлер. Түшүм жыйноо жана дарылоо менен байланышкан атайын ырымдар. Мифтер (дүйнө жаратуу жана Варонгвенин жогорку рух жөнүндө), тарыхий уламыштар, таалимдүү аңгемелер (коллективизм жана ынтымак жөнүндө) сакталып калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сандаве тили