Сандык нефелиндүү сиенит кени

Википедия дан

Сандык нефелиндүү сиенит кени - Нарын облусунун Жумгал районунда, Таш-дөбө кыштагынан 25 км түндүк тарапта, Жумгал тоо тизмегинин чыгыш учундагы Сандык тоосунда, деңиз деңгээлинен 2810–3600 м бийиктикте. 1953-ж. табылган. Кен аймагында палеозойдун аягында жиреп чыккан сиенит интрузиясы кеңири таралган. Пайдалуу тоотек–нефелиндүү сиенит магма комплексинин 2-фазасында пайда болуп, шток түрүндө жатат. Нефелиндүү сиенит негизинен калийлүү талаа шпатынан (60–65%), нефелинден (22,5%), калганы түстүү минералдардан (биотит, пироксен) турат. Кенден алюминий кычкылын бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги аныкталган. Анын өлчөмү 20,09%ке жетет. Алюминий кычкылынын болжол запасы жана ресурсу 203 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]