Санд Жалал-Ад-Дин

Википедия дан

Санд Жалал-Ад-Дин — «Мажму ат-таварих» чыгармасынын каарманы. Чыккынчы Тубай ууландырган Манасты дарылап айыктырган адам. Бул чыгармада С. Ж.-а.-Д ууга каршы дарыны күнүгө Манастын оозуна бир тамчыдан куюп, дарылап, он күндөн кийин Манас көзүн ачканда С. Ж.-а-Д-ди көрүп, ага рахматын айтканы, эки жылдын ичинде Манастын териси жети жолу түлөп түшкөнү берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4