Санжак пикир келишпестиги

Википедия дан

Санжак пикир келишпестиги - Түркиянын тышкы саясатында «Хатай маселеси», ал эми эл аралык саясатта жана тарыхта «Санжак пикир келишпестиги» деген ат менен белгилүү.

Негизинен, Искендерун аймагына кирген бул жер 1921- жылы Түркия менен Франциянын ортосунда түзүлгөн келишимден кийин Сириядан бөлүнгөн жана Франция тарабынан бул жерде өзүн-өзү башкаруу системасы курулган болчу. 1936-жылы Сириядагы мандаттык башкаруу системасын токтоткон Франция Искендерунда да Сирияга окшош башкаруу системасынын болушун талап кылган жана бул аймактын Сирияга каратылышына аракет кыла баштаган. Бул кырдаал пикир келишпестиктерди жараткандыктан, анын Улуттар Лигасында каралышы башка өлкөлөр тарабынан талап кылынган. Айрыкча Искендерун менен Антакияда козголоң башталган. Ушундай кырдаалда бул аймакта Хатай мамлекети курулуп, парламент шайланды.

Ататүрктүн чечкиндүү аракети менен Францияга ультиматум берилди жана түрк куралдуу күчү Хатайга жиберилди. Андан кийин Хатай мамлекети Түркияга кошулууга чечим кабыл алып, Түркияга кошулду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9