Санжар Эралиев

Википедия дан

Санжар Эралиев (1983-жылы 15-августта төрөлгөн) – журналист.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983-жылдын 15-августунда Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сары-Сыя айылында төрөлгөн. Айылдагы өзбек тилдүү мектепти аяктагандан соң, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Журналисттик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Журналистика чөйрөсүндө 2003-жылдан бери иштейт. Жалал-Абаддагы "Фергана", "Акыйкат" гезиттеринде кабарчы болуп иштеп, жаштарга багытталган "Камертон" аттуу гезит чыгарып, башкы редактор болгон.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (кыскача КТРК) "Биринчи радиосуна" ишке кирип, жаңылыктардын редактору болуп эмгектенген.

2011-жылы "Азаттык Медиа" мекемесинин ("Азаттык" үналгысынын) Оштогу кабарчысы, 2013-жылдан бери Бишкектеги журналисти, таңкы эфирдин алып баруучусу болуп иштейт.

2012-жылдан бери Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын мүчөсү. www.medialaw.kg

Адам укуктарына, тагдырларга арналган онго жакын даректүү тасмалардын автору. Режиссер катары тарткан фильмдери "Бир дүйнө - Кыргызстан" фильм фестивалынын алкагында 2015, 2016, 2018-жылдары көрсөтүлгөн.

Search for common ground жана Internews эл аралык уюмдарында медиа-тренер болуп да иштеген. Кыргыз жана өзбек тилдеринде макала, кабар жазууда жөнөкөй тилди колдонуу, эл аралык стандарттар иштөө боюнча журналисттерди окутат.

Журналистикадагы ишмердигинин алкагында АКШда, Европада жана Орусияда кесиптик даярдыгын өркүндөткөн. Айрым баяндары, видеолору англис, орус тилдерине которулган.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]