Санташ чалдыбары

Википедия дан

САНТАШ ЧАЛДЫБАРЫ – 10–12-кылымга таандык кербен сарайдын калдыгы. 19-кылымдын 2-жарымынан Ч. Валихановдун маалыматында, ошондой эле П. П. Семенов-Тянь-Шанскийдин жана В. В. Бартольддун эмгектеринде эскертилет. Кербен сарай Түп суусунун сол тарабындагы Санташ айылына жакын жерде жайгашкан. Ал төрт чарчы формадагы дубалдардан турган. Пайдубалы атайын ылай аралашмасына таштан кыналып коюлган. Дубалдарынын узундугу 48 метр, бийиктиги 2–2,5 метр, жазылыгы 4–6 метр. Дубалдын бурч-тарында кароол мунаралары жайгашкан, ал эми чыгыш-батыш жана түндүк дубалдардын ортолорунда кошумча мунаралар тургузулган. Сарайга түштүк тарабындагы дарбаза аркылуу киришкен. Сарайдын ичинде турак-жайлар жайгашкан. Карапа жана кыш бышыруучу очоктор болгон. Кербен сарайдын ортосунда короо-чарбак аянтчасы жайгашкан. Чарыкка жасалган карапа идиштер, айрыкча бетине айнек аралашмасынан жасалган сыр менен сырдалган карапа буюмдар, бышырылган кыштар, айнек идиш сыныктары, темирден жасалган буюмдар жана малдын сөөк калдыктары табылган. Санташ кербен сарайы Улуу жибек жолунда жайгашып, негизги кербен сарайлардын бири болгон. Изилдөө иштери В. Д. Винник тарабынан жүргүзүлгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.