Сапарбаев Асанкан
Сапарбаев Асанкан Сапарбаевич | |
Жалпы маалымат | |
Толук аты-жөнү: | Сапарбаев Асанкан Сапарбаевич |
Туулган жылы: | 1940 ж. |
Төрөлгөн жери: | Кочкор району, Ак-Чий айылы |
Өлкө: | Кыргызстан |
Сапарбаев Асанкан - илимпоз, доцент, филология илимдеринин кандидаты, бир нече китептин автору.
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Асанкан Сапарбаев Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Чий айылында 1940-жылы төрөлгөн. Ошол эле айылдагы Чолпон атындагы орто мектебин бүтүргөн.
1961-1964-жылдары эмгек жолун чабандык кесип менен аркалаган.
1964-жылы Кыргыз мамлекеттик Улуттук Универстетине студент болуп кирген.
1969-жылы Университетти ийгиликтүү аяктап, Нарын облусунун Ак-Талаа айылынын 1-Ленин атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштей баштайт.
1971-жылы КУУнун тил факултетинин аспирантурасына конкурстук жол менен өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган.
1975-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, профессор К. К. Сартбаевдин жетекчилиги менен ""Манас" эпосундагы метафоралар"" деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
1985-жылы тил илими боюнча доцент илимий наамы ыйгарылган.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жогорку окуу жайлар үчүн:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тили(2-бөлүк:(синтаксис), Мектеп, 280 б. 1988-ж.)
- Кыргыз тилинин лексикографиясы жана фразеологиясы("Сорос-Кыргызстан" фондусу тарабынан, 328 б. 1996-97-жж.)
- Синтаксистик окуунун негиздери("Сорос-Кыргызстан" фондусу тарабынан, 200 б. 1996-97-жж.)
Мектеп окуучулары үчүн:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тили 7-кластар үчүн (1999-ж.)
- Кыргыз тили 8-9-класстары үчүн (1992-ж.)
- Кыргыз тили 10-класстар үчүн (2007-ж.)
- Кыргыз тили 11-класстар үчүн (2007-ж.)
"Кыргыз тилиндеги атоочтуктар, алардын синтаксистик милдеттери" - деген көлөмдүү китептердин да автору жана көбүнчө бөлүгүн жазган.
Илимий эмгектеринин тизмеси:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Илимий макалалары | Басылма, журнал
(аталышы, номер, жыл) |
Авторлоштордун фамилиялары |
---|---|---|---|
1. | Грамматикалык айрым категорияларын окутуу | "Мугалимдер газетасы"
04.11.1970-ж. |
— |
2. | Сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн окутуу | "Мугалимдер газетасы"
15.01.1972-ж. |
— |
3. | Сөздөрдүн метафориялашы | "Мугалимдер газетасы"
25.10.1972-ж. |
— |
4. | Метафора менен фразеологиялык сөз айкалышын
өз ара карым - катышы |
"Мугалимдер газетасы"
13.06.1973-ж. |
— |
5. | Метафора жана анын тилдеги ролу жөнүндө | "Мугалимдер газетасы"
13.01.1974-ж. |
— |
6. | Метафоранын поэзиядагы ролу жөнүндө | "Кыргыз маданияты"
№30, 1974-ж. |
— |
7. | "Манас" эпосундагы метафоралардын стилдик
максаттарда колдонулушу жөнүндө |
"Эл агартуу" №6, 1974-ж. | — |
8. | Сөздөрдү сөз түркүмдөрүнө карата
классификациялоонун айрым принциптери |
"Эл агартуу" №9, 1977-ж. | — |
9. | Метафора жана салыштыруу | Труды КГУ, секция
филолгических наук. №20, 1977-ж. |
— |
10. | Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүн
классификациялоонун принциптери |
"Мугалимдер газетасы"
июнь, 1979-ж. |
— |
11. | Кыргыз тилиндеги бир өңчөй эмес айкындоочтор | "Эл агартуу" №8, 1979-ж. | — |
12. | Метафоранын түрлөрү | Труды кафедры кыргызского
языка. №1, 1979-ж. |
— |
13. | Синтакстик ажырагыс бирдиктерди уюштурууда
атоочтуктардын ролу |
"Мугалимдер газетасы"
15.01.1982-ж. |
— |
14. | Кыргыз тилиндеги сүйлөмдүн тутумдаш мүчөлөрү
жана анын уюшулуш принциптери |
Сборник научных трудов,
Проблемы терминологии из грамматической структуры кыргызского языка. 1984-ж. |
— |
15. | Конструктивные разновидности развернутых
членов предложений в кыргызском языке |
Педагогические научные
чтения посвященные памяти академиков: Батманова И. А., Юдахина К. К, Юнусалиева Б. М. |
— |
16. | Бир өңчөй толуктоочтордун грамматикалык
формасы жөнүндө |
"Мугалимдер газетасы"
ноябрь, 1985-ж. |
— |
17. | Талкууда тактык керек | "Ленинчил жаш"
май, 1989-ж. |
— |
18 | Сапаттык жактан жогорулашын көздөп... | "мугалимдер газетасы"
1989-ж. |
— |
19. | Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси боюнча
лабораториялык сабактарга методикалык колдонмо |
КМУ, 1989-ж. | — |
20. | Атайын орто окуу жайлары үчүн кыргыз тилинин
программасы |
КМУ, 1989-ж. | У. Асаналиев |
21. | "Арман" деген сөздүн мааниси жөнүндө | "Ленинчил жаш" | — |
22. | Кайчы пикирлер качан пайда болгон? | "Мугалимдер газетасы"
1990-ж. |
— |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
- Сапарбаев А, Мамбеткалиев С. Кыргыз тилиндеги атоочтуктар, алардын синтаксистик милдеттери, Б.: "Чүй университетинин редакциялык-басма борбору", 2012. -173 б. ISBN 978-9967-452-75-6