Сапар Ысмайылов

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын улуттук консерваториясынын доценти, кырк жылга чукул Кыргыз Республикасынын Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти (баритон) болуп иштеди.
Ырчы дүйнөлүк классикадан 70ке жакын партияларды ырдап чыккан. Алардын ичинен Джузеппе Вердинин «Аида» операсынан Амонасронун, «Риголеттодон» Риголеттонун, «Дон Карлостон» Улуу инквизитордун, Петр Чайковскийдин «Иолантадан» Эбн-Хакианын, Руджеро Леонкаваллонун «Паяцысында» Тонионун партияларын ырдап чыккан. Ошондой эле кыргыз классикалык операларынан А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин «Манас» операсынан Кошой менен Бокмурундун , «Айчүрөктөн» Канчоро менен Бакайдын ролдорун, Н.Давлесовдун «Курманбек» операсынан Дөлөн хан, Экес хан жана Тейитбектин ролдорун, «Аста секин колукту» музыкалык комедияда Сапардын ролун, Узеир Гаджибековдун «Аршин мал алан» музыкалык комедиясынан Султанбек менен Сулаймандын ролдорун алып чыккан.