Саралаев Урмат Кадыкеевич

Википедия дан

Саралаев Урмат Кадыкеевич (1946 - ж.т.) - саясат таануу илимдеринин доктору.

Нарын шаарында төрөлгөн. 1975-ж. СССР-дин 50-жылдыгы атындагы КМУнун чет тилдер факультетин «Немис тили жана адабияты» боюнча адистигин бүтүргөн. 1975-1988-жж. референт, ага референт, бөлүм башчы жана чет өлкөлөр менен достук- тун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунун төрагасынынорун басары. 1988-1991-жж. Монголиядагы чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын советтик коомдогу союзунун төрагасынын орун басары (Улан-Батор ш., Чойбалсан), ошол эле учурда Чойбалсан шаарындагы СССРдин Генералдык консульствосунун консулу болуп эмгектенген. 1991-1992-жж. чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары. 1992-1993-жж. КР ТИМдин Азия жана Тынч океан мамлекеттери бөлүмүнүн башчысы. 1993- 1996-жж. референт, КРнын Өкмөт аппаратынын тышкы байланыштар жана чет өлкөлүк инвестициялар бөлүмүнүн эл аралык секторунун башчысынын орун басары, башчысы. 1996-1999-жж. Өзбекстандагы КРнын Элчилигинде биринчи катчы-консул, кеңешчи-консул. 2000-2001-жж. КР ТИМдин консулдук кызматтар башкармалыгынын начальниги. 2001-2003-жж. ГФРдагы КРнын Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кеңешчи-башчысы. 2004—2006-жж. КР Өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эксперта. 2006—2010-жж. Тажикстандагы КРнын Элчилигинде кеңешчи. 2010-ж. 20-октябрдан 2014-ж. 30-июнга чейин КРнын Тажикстандагы элчиси. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси дипломатиялык рангын алган. Жүздөн ашуун илимий эмгектердин жана публикациялардын, анын ичинде 7 монографиянын: «Международное общение: теория и практика» (1999), «Теоретические аспекты проблемы международного общения» (2000). «Международное общение как основа межгосударственных отношений» (2001), «Международные отношения Кыргызстана» (2001), «Международное общение как основа межгосударственных отношений и важный фактор укрепления интеграционных связей и сотрудничества» (2010), «Кыргызстан - Таджикистан: добрососедские, доверительные и взаимовыгодные отношения» (2012), «Политические процессы в глобализирующемся мире» (2013) автору.

Чүй университетинин ардактуу профессору, Өзбекстан Республикасынын Туран эл аралык илимдер академиясынын академиги. КРнын ардак грамотасы (2006), Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамотасы, КР-нын Өкмөтүнүн ардак грамотасы, Монголия Элдик Республикасынын өкмөттүк сыйлыктары, Шанхай Кызматташтык Уюумунун медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8