Сарбагышев, Бердибек

Википедия дан

Сарбагышев Бердибек (1929-ж. т. Кемин pайонy, Тегирменти айылы) —зоотехник, айыл чарба илимдеринин доктору (1986).

1949-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун зоотехния факультетин бүтүргөн.
1950—54-ж. Бүткүл союздук мал чарба илимий изилдөө институтунун аспиранты, 1955—56-ж. Кыргызстан ИАнын Зоология жана паразитология институтунда кенже илимий кызматкер, 1956—64-ж. Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда кенже, улуу илимий кызматкер.
1965—85-ж. эт-сүт лабораториясынын башчысы; 1984-жылдан эт-сүт бөлүмүнүн башчысы.
1984-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин башкы директорунун илимий иштер боюнча орун басары.
Негизги эмгектери уй, топоз породаларын жакшыртып, кунардуулугун арттырууга, аларды бордоо, жайытта семиртүү жана 6aгыш өстүрүүнүн алдыңкы технологиясына арналган. 190дон ашык илимий эмгектери (анын ичинде 25 монография жана китепчелер, 25 сунуштар) бар.
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген зоотехник (1971), Эки «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.