Сарбагышев Алжанбай

Википедия дан

Сарбагышев Алжанбай (1908,Кант району, Төмөнкү Норус айылы -1959, Фрунзе ш.) - туңгуч ырчы, актёр. Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисти (1939).

Ырчылык өнөрүн Фрунзеде ачылган алгачкы улуттук студиядан баштаган. 1930-жылдан Кыргыз драма театрында иштейт. М. Токобаевдин «Кайгылуу Какейинен» бай Чойбектин, Н. Гоголдун «Текшерүүчүсүнөн» шаар башчысынын, К. Жантөшовдун «Курманбегинен» Додонхандын, В. Власов, В. Ференин «Алтын кызынан» Токторбай байдын, А. Малдыбаев, В. Власов, В. Ференин «Ажал ордунасынан» Зулайканын атасынын ролдорун аткарат.

1939-ж.Москвада өткөн кыргыз искусствосунунон күндүгүнө катышкан. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында1958-жылга чейин иштеген. Туулган айылынын бир көчөсүнө ысымы берилген.

«Эмгектеги артыкчылык», «1941-45-ж. Улуу Ата Мекендик согуштагы эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.