Сарбаев, Тельман

Википедия дан

Сарбаев Тельман (2.3.1936-ж. т., Нарын району, Куланак айылы) — инженер-геолог, Кыргызстандын эмгек сиңирген ирригатору (1980).
1958-ж. Фрунзе политех, институтун бүткөн.
1958-жылдан Кыргызстан суу чарба долбоорлоо институтунда инженер-геолог, отряддын, геологиялык партиянын начальниги, изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси, директордун орун басары, 1973-жылдан директору. Ал республикада сугат ишин өнүктүрүүгө, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга чоң салым кошту.
Сарбаев жетектеген институттун долбоору боюнча республикада маанилүү ирригациялык курулмалар, ири насос станциялары, суу сактагычтар (Киров, Төмөнкү-Аларча, Сокулук, Базар-Коргон, Төрткул, Найман жана башка), каналдар курулду.
Сарбаевдин жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен республикада 1-жолу гидромодулдук райондоштуруу жана сугат режими боюнча материалдарды жалпылоо жүргүзүлдү. Ал "Кыргызстандын ирригациясы долбоорлордо жана объектилерде" аттуу үч томдук монографияны түзүүчүлөрдөн жана анын башкы редактору. СССР Министрлер Советинин сыйлыгынын лауреаты (1982). "Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.