Саречки мөңгүсү

Википедия дан

Саречки мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү.

Сарыжаздын оң куймасы Үчкөлдүн алабында. Көөлү кырка тоосунун батыш жагынан орун алган. Уз. 5,5 км, жалпы аянты 8 км2. Мөңгүнүн башы 4150 м, этеги 3640 м бийиктикте. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция аянты 1,6 км2. Чегинип бара жаткан мөңгүлөрдөн. Андан башталган суу Ээрташка (Үчкөлдүн негизи курамы) куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2