Сариев Айтикул

Википедия дан

Сариев Айтикул 1950-жылы 20-ноябрда Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

  • 1967-жылы Багыш орто мектебин,
  • 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун автотранспорт тармагы боюнча инженер кесибин аяктаган.
  • Эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы областтык жүк ташуучу автотранспорт мекемесинде алгач механик, автоколонна башчысы, инженер 1975-жылдан башкы инженер,
  • 1983-1991 -жылдары Көк-Жаңгак шаарында автобазанын башчысы,
  • 1991-жылдан ушул күнгө чейин Сузак автобазасынын директору болуп эмгектенет.
  • 1987-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы,
  • 1999-жылы областтык спорт тармагына кошкон салымы үчүн Кыргыз Мамлекеттик спорт агентствосунун Ардак грамотасы,
  • 2013-жылы Республикалык Транспорт министрлигинин Ардак грамотасы жана башка көптөгөн грамоталар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3