Сарпеков Барпы

Википедия дан

Сарпеков Барпы (1898, Устасай айылы-1977, «Токтогул» совхозу) - комузчу-аткаруучу, уста.

Ал Токтогулдан, Ныязалыдан таалим алган. Токтогулдун «Чоң кербез», «Аламан кербез», «Ак куу», «Ырчы күү», «Миң кыял», Ныязалынын «Чүйдүн Сары барпысы», «Орто-Токойдун Сары барпысы », «Эки сагынгандын учурашканы», «Гүлгаакы», «Сары барпы», «Такыл эт» аттуу ж. б. күүлөрдү табына чыгара черткен. Анын аткаруусундагы Токтогулдун, Ныязалынын, Майлыбайдын ж. б. залкар шайырлардын З0дан ашык күүлөрү Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорадиясынын музыкалык алтын казнасына жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5