Токтогул ырчы

Википедия дан
Токтогул Ырчы‎»‎ барагынан багытталды)

Токтогул ырчы
Туулган жери

Алтын Ордо

Жашаган доору

болжол менен 12-14-кылым, айрым булактарда 14-15 кылым

Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Эркек

Жумуш тармагы

ырчы

Багыты

Жакшылык

Касиеттери

Сөзгө чечен, ырчы

Байланышкан каармандар

Токтогул Ырчы - эл оозунда аты санжырага айланып, укумдан-тукумга уламаланып айтылып келаткан ырчынын жашаган доорун уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет. Ал Кетбука, Асанкайгы, Толубай сынчылар менен замандаш болгон.

Эл оозунда айтылып жүргөн “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” - деген макал дал ушул Токтогулга тиешелүү. Айтымдарда Токтогул ырчы кээде Толубай сынчынын баласы делсе, кээде бир тууганы деп айтылып жүрөт. Кандай болгон күндө да, Ырамандын Ырчы уулунан бир топ заман өтүп, баш көргөндү көз көрбөй ызы-чуу түшкөн күндөрдү башынан кечирген кыргыз, башканы эмес, “Манасын” унута баштаган кезде, дал ушул Токтогул анын баш-аягын жыйнап, бүгүнкүдөй бир бүтүн Улуу эпос катары айтып чыккан деген кеп бар. Ал тууралуу Тоголок Молдо:

“Ырамандын соңунан,

Иши келип оңунан.

Элден таап нускасын,

Арбытып айтып кыскасын.

Токтогул ырчы ырдаган,

Толубай сынчы сындаган.

Токтогул ырдап турганда,

Калктын баары тыңдаган.

Көрүп туруп көз менен,

Жомок кылып сөз менен.

Ырамандын Ырчы уул –

Жомокчунун башчысы.

Баарын тизген Токтогул –

Бул жомоктун ачкычы” – деп эскерет.

Токтогул ырчы кыргызга ислам дини кучак жая баштаган мезгилде болуп, “Эшегин эптеп токуйбуз, намазын кантип окуйбуз?” – деп, ага караманча каршы чыккандардын биринен болгон экен. “Кудаярдын тушунда куурап калдык, кууругуч баштуу кожону туурап калдык” - деген саптары хан Кудаярдын каарын келтирип, ал Токтогулду туткундайт да, Аксак Темирге жөнөтөт. Аксак Темир ырчыны дарга астырат.

Токтогулдун ырчылыгы, манасчылыгы тууралуу эл оозунда маалымат сакталбаган. Болгону ал “Манас” айтканда, базардагы аларманы да, сатарманы да баарын унутуп, ошону гана угуп калчу экен деген сөздөр бар. Ошондой эле эл оозунда Токтогул каза болгондо карындашынын кошкон кошогу айтылып калган. Кийинчерээк Токтогулдун өмүрү тууралуу басылмаларда жаңы маалыматтар пайда болду. Бирок ал али тарыхый жактан тактала элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]