Жан-Поль Сартр

Википедия дан
Сартр, Жан-Поль‎»‎ барагынан багытталды)
Жан-Поль Сартр.

Жан-Поль Сартр (фр. Jean-Paul Charles Aymard Sartre, /ˈsɑːrtrə/, 1905-жылы 21-июнь – 1980-жылы 15-апрель) — француз философу, атеисттик экзистенциализмдин өкүлү. Ал ошондой эле жазуучу жана сынчы, Франциянын саясый турмушуна эпкиндүү катышкан.

Парижде демейки Жогорку мектепте билим алат да, кийин Париждеги жана башка шаарлардагы бир катар лицейлерде сабак берет. Экинчи дүйнөлүк согушта солдат катарында катышып, Германияда согуш туткундары үчүн лагерде тогуз ай жашайт. Бошогондон кийин Каршылык көрсөтүү кыймылына катышат. Согуш аяктагандан кийин социалисттик жана экзистенциялык басылма болгон, бир айда бир жолу чыгуучу «Новое времянын» редактору болот. 1964-жылы ага адабият боюнча Нобель сыйлыгы ыйгарылат, бирок ал бул сыйлыктан баш тартат. 1968-жылы май айынан, Франциядагы жаштар кыймылынан бери тарта эпкиндүү саясый иш-аракеттерди жүргүзөт.

Негизги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартрдын негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Кыялдануу» (1936), «Эмоциялар теориясынын эскиздери» (1939), «Кыялдагы нерселер» (1940), «Бытие жана жок нерсе» (1943), «Экзистенциализм — бул гуманизм» (1946), «Кырдаалдар» (1947—1964), «Усул проблемалары» (1947), «Диалектикалык акыл-ойго сын» (1960). Аталгандардын баарысы философиялык эмгектер. Мындан башка да ал көркөм чыгармаларды жазган: «Жүрөк айнуу» (1938), «Эркиндикке карай жолдор» (1946—49), «Чымындар» (1943), «Капаста» (1945), өмүр таржымалы жөнүндө «Сөздөр» (1964) деген чыгарма. «Эркиндикке карай жолдор» деген үчилтиги XX кылымдын адабиятынын классикалык чыгармасы деп эсептелет.

Өзүнүн философиялык жана адабий чыгармаларында Сартр экзистенциализм идеясын үгүттөйт. Экзистенциализм белгилүү агым катарында көз караштардын кеңири чөйрөсүн камтыйт, бирок анын көңүлүнүн борборунда — адамдын жашоо-турмушу жөнүндөгү маселе, ар бир адамдын инсандык турмушунун шарты жана структурасы жөнүндөгү маселелер турат.

Экзистенциализм койгон проблема[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жан-Поль Сартр жана Симона Бовуар Эрнесто Че Гевара менен сүйлөшүүдө.

Экзистенциализм койгон негизги проблема — жашоо-турмуштун маани маңызын индивидуалдык аң-сезим кандайча аңдап-биле аларын сүрөттөп жазуу болуп саналат. Мындан келип экзистенциализм иликтеген башкы маселелер: тандоо эркиндиги, адамдык менен инсандыктын дал келүүчүлүгү, башка дүйнө жана башка адамдар менен болгон алака-мамиле, индивиддин өз жашоо-турмушунун максат-багытын аңдап билүүсүнөн баштап маани-маңыздарды жана баалуулуктарды түзүшүнүн жолдору жөнүндөгү маселелер келип чыгат.

«Бытие жана жок нерсе» чыгармасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартрдын эң белгилүү философиялык чыгармасы — «Бытие жана жок нерсе», бул чыгармасы экзистенциализмдин башкы документи болуп калат.

Сартр эң алгачкы ирет койгон маселе төмөнкүчө: «Адамдын жашоо-турмушу эмнеге окшош?» Ал «адамдык реалдуулук» деп аталган нерсени эң жалпы терминдер аркылуу сүрөттөп жазгысы келет. Анын жообу эмгектин «Бытие жана жок нерсе» деп аталышынын өзүндө камтылып турат, анткени адамдык реалдуулук, дейт ал, жашоонун эки жолунан: бытиеден жана жок нерседен, бытиеден жана бытие эместен турат. Адам бытиеси «өзүндөгү нерсе» катарында, обьект же нерсе катарында, ошондой эле «өзү-үчүн нерсе» катарында, аңдалып-билине турган нерсе болуп эсептелбеген аң-сезим катарында жашап турат. Ал «өзүндө» жашоону кубулуштун же нерсенин жашоосун «өзү менен өзү толуп-болуп турган» нерсе катарында сүрөттөп жазат. Нерселерде ички жана тышкы сапаттар болбойт, анда өзү жөнүндө түшүнүк да болбойт, алар жөн гана жашап, бар болуп турат. Ал мындай дейт: «Жашоодо кенедей боштук, жана бир нерсе сызылып өтүп кете ала турган кенедей жылчык да болбойт». Буга карама-каршы, «өзүм-үчүн», же аң-сезим мындай толук жашоого ээ эмес, анткени ал нерсе эмес.

Ошентип, «өзү-үчүн» дегенибиз — бул аң-сезим, аң-сезим эмнеден турса, ошол; ал эми «өзүңдө» дегенибиз — нерселер, обьектилер. Аң-сезим өзүндө өзү жөнүндөгү аң-сезимди да камтып турат. Ал маңызга ээ болбогондуктан «жок нерсе» болуп саналат.

«Жүрөк айнуу» романы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Жүрөк айнуу» деген биринчи философиялык романында Сартр каарман катарында Рокантен деген адамды көрсөтөт, ал адам өзүнүн ким экенин билбеген, чыныгы турмушта жашабаган, өзү менен өзү жана аны курчап турган чындык нерселер менен тил табышып жашай албаган адам, аны бардык нерселер үстөмөндөтүп басып, ага уйгактай жабышып турат.

Ал мындай дейт: «Нерселер мага тийбеши керек... Бирок алар мага жабышып тынчымды алат, мен буга чыдай албаймын... Мен кийинки күнү деңиз жээгинде болуп, колума таш кармап турганда өзүмдү кандай сезгенимди да жакшы эстеп турамын. Бул өзүнчө бир жийиркеничтүү сезим эле. Бул сезим мага таш аркылуу келди, ал сезим таш аркылуу менин колума өттү... ошондо колумда кандайдыр бир жүрөк айлануунун түрү пайда болду». Рокантендин көп сандаган жолу жүрөк айнууну сезгендигин сүрөттөп жазуу менен Сартр окурманды жашоонун кокустук экенин сезүүгө мажбурлагысы келет. Рокантен нерселердин кунарсыз жашап турушун түшүндүрүүчү себептердин бар экендигин түшүнөт. Эгерде «жашоону» аныктоого аракет жасай турган болсок, анда кандайдыр бир жөн гана кокустук окуя болот деп айтуу керек: жашоонун себеби боло турган эч нерсе жок. Кээде ушундай да болот: нерселер бар болуп жашап турат, жашап тургандарды түшүндүрүүгө болбойт. Кокустук дегенибиз бул негизги принцип: ар кимдин жана ар бир нерсенин түшүндүрүлгүс түрдө жашап турушу, эч кандай маңызы болбогон дүйнөнүн жашап турушунун маанисиздиги (сандырактыгы) — баарысы кокустук.

Эркиндик концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартрдын мүрзөөсү.

Аң-сезим жок нерсе болгондуктан, ал толугу менен келечектеги дүйнөгө кошулган, Сартрдын айтканы боюнча, биздин адамдык эркиндигибиз дал ушунда турат. Эркиндик түшүнүгү Сартрдын бардык философиясы үчүн борбордук маселе болуп саналат. Биз бар болуп турганыбызды аңдап-билип, башыбыздан өткөрүп жаткан эркиндик «жок нерсе», бул болсо бизге келечекте биз менен боло турганды тандап алууга мүмкүндүк берет. Биздин тандообуз «жок нерсеге» негизденет жана ал баалуулуктарды жана маани-маңыздарды тандап алуу болуп саналат.

Биз тандап жатканда, тандоо аракети ошондой эле өзүңдү өзүңдүн тандооң болуп саналат, бирок өзүмдү тандоо менен мен жашоону тандап ала албаймын. Жашоо мурда эле берилген, ошондуктан ар ким тандоо үчүн жашоосу керек. Менин тандаганым менин маңызым, мен жашап жаткан спецификалык жол. Мен өзүмдү тандап аламын, анткени мен өзүмдү тандап алууну мурда болжолдогонмун. Ошентип, спецификалык кырдаалда мен өзүмдү тандап аламын: ал же ой жүгүртүүчү мен, же импульсивдүү мен, же ар кандай мүмкүн болуучу мен. Мүмкүн кимдир бирөө башка адамдарга багыныңкы болууну каалабастыр, кимдир бирөө башка бирөөнүн таасирине каршылык көрсөтөт. Эгерде мен «өзүнүн негизинде ой жүгүртө» турганды тандап алсам, анда аны коштоп жүрө турган кандайдыр бир спецификалык ой жүгүртүүлөрдө эмес, дал ушул тандоодо мен өзүмдү тандап аламын. Ошондуктан, Сартр мындай дейт: «Мен ойлонуп жатканда чечүүчү учур келет». Мен өзүмдү «ошол ойлоп жаткан» катарында тандап алдым, ал эми чыныгы ой жүгүртүүнүн мазмуну кийинки иштин өбөлгөсү. Бул талдоо экзистенциализмдин чечүүчү ураанына алып келет: «Жашоо маңыздан мурда жүрөт жана аны аныктайт».

Ошентип, Сартрдын пикири боюнча, мен өзүм жөнүндө өзүмдүн жашап турганымды аңдап билгенимдин өзүнөн өзүм үчүн недир бир маңызды жана баалуулукту тандоочу катарында ойлоого тийишмин: аңдап-билүү дегенибиз баа болуп саналат. Менин өзүмдү жандын спецификалык түрү катарында билишим менин өзүмдү өзүм тандап алганым болот.

Радикалдык чечим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз өзүбүздү азыр кандай болсок, мурда кандай болгон болсок ошону тануу жолу аркылуу жана өзүбүздү дагы бир нерсе катарында тандап алуу аркылуу тандап алабыз. Аң-сезимдин өсүшүндө мен өзүмдү мурдагы жанды байкап-баамдап турган жана мен келечекте боло турган жанга карай бара жаткан жан катарында кайрадан тандап аламын. Сартр муну «радикалдык чечим» деп атайт.

Инсан «көз көрүнө эле турган сыр», касиеттердин жөнөкөй гана коллекциясы эмес, тоталдуулук, түшүнүлүүгө тийиш болгон жана концептуалдашпаган бирөө, анткени фундаменталдуу тандоону концептуалдаштырууга жасалган ар кандай аракет ийгиликсиз бүтөт. Инсан — адамды түшүндүрүүнүн өзүнчө бир тиби, аны билим катарында так сүрөттөп жазууга болбойт. Бул кимдир бирөөнүн башкача эмес, дал ушундайча ык менен жашап турганын таануу болуп саналат. Ал жашап жаткандай жашоо үчүн, өзү тандап алган жашоодон башка түпкү себеп болбойт. Инсандын турмушунун мааниси адам жалпысынан инсан үчүн жоопкер дегенде турат.
Адамдар, аң-сезимдүү жан катарында, өзүлөрүнүн эркин тандоосу аркылуу өзүлөрүн өзү калыптай алышат. Эркин тандоонун «сөзсүз болбой койбостугу» сартрдык философиядагы кординалдуу түшүнүк. Мындан четтеп өтүүгө жасалган ар кандай аракет Сартр айткан «начар ишенимге» алып келет.

Начар ишеним[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Начар ишенимдин алкагында аракет кылуу дегенибиз-бул кимдир бирөө толук эркин экенин жана ал өзүнүн жашоосун тигил же бул предметтин негизинде эмес, жоктон тандап аларын түшүнүүнүн кыйынчылыгынан качуунун натыйжасы болуп саналат.

Начар ишенимдин көп формасы бар. Анын бир көрүнүшү жөн гана стереотип же клише болуп саналган жашоо стили же ролу боюнча жашаган адамга мүнөздүү. Өз жашоосу үчүн маңызды жана баалуулукту тандап алуунун жоопкерчилиги менен басынтылган инсан өзүнө маңыз бере турган жана өзү эч кандай таасир көрсөтө албай турган даяр ролду кабыл алуудан баш калка жана жасалма ыңгайлуулукту издейт. Өзүнүн эркиндигин баштан өткөрүп жаткан субьект катарындагы жашоонун ордуна ал өзүн аткара турган белгилүү бир функциясы бар обьект же нерсе катарында түшүндүрөт.

Сартр мындай мисал келтирет: «Кафедеги официантты алып көрөлү,— деп жазат ал,— Ал тез жана чечкиндүү кыймылдайт, бир аз ашкере тез кыймылдайт, бир аз ашкере так кыймылдайт... анын үнү, анын көз карашы келген адам жөнүндө камкордук көрүп жатканын билдирип турат. Ал өзүн тездикке мажбурлайт жана нерселерге да аяосуз тездикти таңуулайт. Официант кафеде ушунун барын ишке ашыруу үчүн өзүнүн ролун ойноп жатат». Начар ишенимдин башка бир көрүнүшү катарында адамдын өзүндөгү болгон бардык сапаттарды тангандыгын мисалга келтирүүгө болот, мүмкүн ал өзүнүн начар кыял-жоругун өзгөртүүгө же аракечтиктен жана бекерчиликтен баш тартууга убада берип, жана өзүнүн чечимин сөзсүз аткарарына ар бир жолу ишенгени менен ал эч качан муну аткарбайт. Начар ишеним аркылуу биз өзүбүздү өзүбүз алдайбыз. Бул спецификалык түрдө татаалданган формадагы алдоо болуп саналат. Жалпысынан алдоо үчүн акыйкатты билүү зарыл, ал эми тескерисинче болгондо, чындыгында болуп жаткан нерселер алдоо эмес: ал жаңылыштык же түркөйлүктөн улам иштелген бирдеме.

Ошентип, начар ишеним өзүнө өзү калп айтуунун бир формасы. Бирдиктүү аң-сезимдин кучагында-акыйкат менен кандайча кагылышып жана ал жөнүндө кандайча жаңылышып калуунун мүмкүнчүлүгүн көрүү кыйын маселе. Бирок, көп учурда адамдар дал ушуну менен алек болушат, алар акыйкатты этибарга алышпайт, андан четтеп өтүшөт, жарым-жартылай акыйкат деп тапканы менен бир кыйла даражада бул иллюзия гана болуп чыгат.
Сартр үчүн «начар ишенимде» аракеттенип жана жашоо дегенибиз эркиндиктен жана өзү үчүн маңыз түзүүдөн баш тартуу дегенди билдирет. Начар ишенимде жашоо дегенибиз, демек, обьект катарында жашоо дегендикти жана жаратылыштын жана келишимдердин мыйзамдары тарабынан аныктала турган обьект сыяктуу жашоо дегендикти билдирет. Бирок «начар ишенимди» тандап алуу башка тандап алуулардай эле дал эркин тандап алуу болуп саналат. Бул — дүйнөдө спецификалык жол менен жашоону тандап алуу. Биз: начар ишеним моралдык жактан начар, начар ишенимде жашоо — демек адамдык жоопкерчиликтен баш тартуу, адамча жашоонун маңызын түзгөн эркиндикти тануу, биздин маңыз менен баалуулуктарды түзүүгө арналган ишибизден качуу болот деген таасирдин астында турабыз.

Тандоо тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартр өзүнүн изилдөөлөрү адамдын жашоо-турмушун сүрөттөп жазууга багытталгандыгын ачык айтат. Анын баштапкы кызыгуусу адамдардын эмнеге окшош болууга тийиш экендигин айтуу эмес, алардын чындыгында эмнеге окшош экендигин айтууда болгон. Мисалы, ал биз эркин тандап алууга тийишпис деп айтпайт, ал адамдын жашоо шарты ошондой болгондуктан биз мындай тандоодон кача албайбыз дегенди айтат.
Ошентип, Сартр ар ким өз дүйнөсүн өзү жеке тандап алууга тийиш дейт. Бирок бул жерде проблема келип чыгат: ар ким ушундай иштөөгө тийиш да. Эгерде бир адам баардыгы үчүн тандаса да тандоо индивидуалдык бойдон кала берет.

Бул болсо сөзсүз болбой койбой турган натыйжага алып келет, бул бир адамдын «өзү үчүн» көрүнүшү башкалар менен конфликтиге алып келет, демек башка адамдар «тозокко айланат» дегенди билдирет. «Өзү-үчүн» бытие башкалар үчүн бытие менен конфликтиге алып келет. Натыйжада инсандык мамилелердин сартрдык сүрөтү кайгылуу да, конфликттүү да болуп чыгат. Мен башка бирөөнү мен үчүн «өзүндөгүнүн» мисалы болгон бирдемеге, нерсеге айландырууга тийишмин, сөзсүз түрдө айландырууга тийишмин. Мындагы тынчсыздандырган нерсе башка бирөө мага карата ошонун эле өзүн иштөөгө тийиш болгондугунда турат. Бул ой бизди «кул-кожоюн» деген гегелдик мамилеге кайтарып алып барат жана кулпунун тешигинен мени да бирөө карап жаткан жокпу деп шыкаалаган адамды мисалга келтиргенин эске салат. Мунун баары, бир жагынан, инсандын аң-сезими менен өздүк аң-сезиминин, экинчи жагынан, инсандын аң-сезими менен башкалардын аң-сезиминин ортосундагы мамилени көрсөтүүгө багытталган.

Эркиндик тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биз эркиндиктен баш тартабыз, анткени аны таанууда биз азапты башыбыздан өткөрөбүз. Азап чегүү тандоону аныктай турган, бардыгы мүмкүн болгон эч нерсе жок жерде сезилет. Ал мындай деп жазат: «мен өзүмдүн бытиемди туңгуюкка түшүп кеткен коркунучтуу нерсе катарында аңдап билген учурда мен ал коркунучту менин мүмкүн болуучу жүрүш-турушума карата алганда белгисиз нерсе катарында баамдай аламын. Бир мааниде алганда бул коркунуч акыл-эстүү жүрүм-турумду талап кылат жана ал өзү менен өзүн алганда ошол жүрүм-турумдун алдын ала бир күңүрт көрүнүшү. Экинчи мааниде алганда ал коркунуч ошол жүрүм-турумдун акыркы моментин мүмкүн болуучу жүрүм-турум катарында гана негиздейт, анткени мен ал коркунучту ошол акыркы моменттердин себеби катарында биле албаймын».

Азап чегүү, же коркунуч түшүнүгү экзистенциализмдин негизги идеясы болуп саналат. Бирок азап чегүү эркиндикти реализациялоонун бирден бир, же а түгүл зарыл натыйжасы болуп саналбайт. Экзистенциалдык ойлом маанисиздиктин алдында бир гана айла кетүүчүлүктөн улам келип чыгуучу нерсе катарында каралбай тургандыгы шексиз.

Сартр философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартр өзүнүн идеяларын пессимизм деген айыптоодон коргоо максатында, өзүнүн философиясын мындай духта кароонун туура эместигин айтат, «анткени бир да доктрина көбүрөөк оптимистүү болуп саналбайт, анткени анын философиясында адам тагдыры анын өзүндө камтылып турат» («экзистенциализм — бул гумманизм»).

«Диалектикалык акыл-эсти сынга алуу» чыгармасында адам тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сартрдын саясый ишмердиги аны терең көңүл кайтууга дуушар кылып, өзүнүн оюн радикалдуу түрдө реконструкциялоого аракеттенүүгө алып келет. Ал эки томдон турган «Диалектикалык акыл-эсти сынга алуу» деген эмгекти жазууну пландаштырат: биринчиси теориялык жана абстрактуу изилдөө болмок, экинчиси тарыхты талдап-түшүндүрүүгө арналмак. Бирок «Сынга алуу..» эч качан жазылып бүткөн эмес. Сартр бир нече бап жазылгандан кийин экинчи томду жазуудан баш тартат. Биринчи том 1960-жылы жарыяланып, «окулумсуз монстр» деп бааланат. «Сында» Сартр инсандын эркиндиги жөнүндөгү өзүнүн мурдагы көз караштарынын көбүн жокко чыгарат. Ал мындай деп жазат: «Менин көз карашымды эч ким бардык кырдаалдарда адам эркин боло алат деген духта интерпретациялабасын... Мен таптакыр карама-каршы пикирди айткым келет, атап айтсам, бардык адамдар кул, анткени алардын турмуштук тажрыйбасы практикалык-инерттүүлүк тармак жагында, бул тармак эң башынан эле өзүнүн кемчиликтери менен кандай даражада шартталган болсо ошондой даражада орун алган».

«Практикалык-инерттүүлүк» термини[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Практикалык-инерттүүлүк» термини турмуштун бир кыйла мурдагы эркин аракеттер менен аныктала турган жагы менен байланыштуу жана ал индивидуалдык практика менен тарыхый фактынын мурастык жүгүнүн өз ара аракети же тагыраак айтканда диалектикасы болуп саналат, бул «Сында» Сартрды көбүрөөк кызыктырган.

Бул эмгек социологияда да, антропологияда да, философияда да ийгиликке жетише алган эмес деген жалпы пикир бар. Ошентсе да бул эмгегинде Сартр өзүнүн башка эмгектериндегидей эле терең кызыкчылыкка ээ болгон жана зор мааниси бар маселелерди көтөргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]