Симон Боливар

Википедия дан

Боливар Симон (24.7.1783, Венесуэла, Каракас, 17.12.1830, Колумбия, Санта-Марта) Америкадагы Испания колонияларынын көз каранды эместиги үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири. Жаш курагын Европада өткөргөн. Мекенине кайтып келген Боливар Венесуэлада испан үстөмдүгүн кулатып, аны республика (1811) деп жарыялоого активдүү катышкан. Республиканы испандыктар кыйраткан соң Жаңы Гранадага (азыркы Колумбия) кетет. 1813-ж. Боливардын аскерлери Каракасты алып, өзү башында турган 2-Венесуэла республикасын түзөт. 1813-ж. Венесуэланын Улуттук конгресси тарабынан «Боштондукка чыгаруучу» деп жарыяланган. Бирок ал 1814-ж. жеңилүүгө учурап, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болот. 1816-ж. Боливардын аскерлери кайрадан Венесуэлага келишет. Анын кулчулукту жоюу (1816) жана аскерлерге жер бөлүп берүү (1817) декреттери жалпы элдин колдоосуна ээ болот. 1819-ж. Боливардын аскерлери Жаңы Гранаданы бошотуп, курамына Венесуэла жана Жаңы Гранада кирген Улуу Колумбия Республикасын түзөт. Боливар анын президенти болуп шайланат. 1824-ж. Боливар Перуну испандыктардан бошотуп, Жогорку Перуда анын урматына аталган Боливия Республикасын башкарып калат. Латын америкалык жаш мамлекеттерди бириктирүүгө аракеттенген Боливардын планы иш жүзүнө ашпай калат. Өлкөдө башталган сепаратисттик кыймылдар Боливардын бийлигинин кулашына алып келген жана анын натыйжасында 1830-ж. Боливар отставкага кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]