Сарыбаев Үсөнбай Алиевич
Үсөнбай Алиевич Сарыбаев (басма сөздө кыскача Үсөн Сарыбаев деп да жазылат) (орусча: Усенбай Алиевич Сарыбаев; англисче: Usenbay Sarybaev; 09.01.1952) – кыргыздын заманбап сүрөтчүсү. Махмуд Кашкари Барскани атындагы эл аралык сыйлыктын ээси.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үсөнбай Алиевич Сарыбаев Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ажыке айылында 1952-жылдын үчтүн айынын (январынын) 9унда туулган.
Атасы – Сарыбай Али уулу (1928 – 1968), Калинин атындагы колхоздо уста болгон, уруусу – таз баргы (кыргыздын баргы уруусунун ичине кирет). Али Түлөберди уулу Айылчы небереси Асанбайдын чөбөрөсү да Ажыкеде турган. Али чоң ата согуш учурунда эмгек фронтунда болжол менен 1944-жылы каза болгон. Али чоң ата колунан көөр төгүлгөн уста болгон. Анын буюмдары (чачпак, шөкүлө жасалгалары, ж.б.) Кашкарга чейин сатылып турган.
Энеси – Каныйпа Жорокул кызы (кийин тегаты Алиева болуп калган). Анын теги – кыргыздын баргы уруусунун таз баргы уругуна кирет. Таятасы Жорокул Түгөлбай уулу Кара-Кулжадагы чоң комузчу болгон.
1959-жылы Ажыке айылдык мектебине 1-класска барды.
1967-жылы Гүлчө кыштагында, 1968-69-жылдары Кара-Кулжадагы Торойчу айылында Свердлов атындагы орто мектепте окуп, 10-классты ошол мектепте аяктады. Анан бир жыл ошол мектепте диплому жок эле сүрөт, сызуу сабагынан мугалимдик кылды.
1970-жылы С.Чуйков атындагы Бишкек мамлекеттик сүрөт окуу жайына тапшырып, окуп калды.
Орто жолдо Советтик армиянын катарында кызмат кылды (1974-75), Литвада Каунас шаарында ж.б. болду.
1975-жылы бир жыл айылда Кара-Кулжа совхозунда сүрөтчү болуп иштеди.
1976-77-жылдары С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайында окуп, 1977-жылы “элдик көркөм өнөрдөгү колдонмо адистик” боюнча диплом алды.
1978-жылдан тартып Ош облусунун Кара-Кулжа аймагында (ал кезде Совет районунда) райондук сүрөт өнөрканасында башкы сүрөтчү жана жетекчи болуп бир жыл иштеди.
1979-жылдан Гапар Айтиевдин жеке чакыруусу менен Бишкек шаарына кайтып келип, анын жаңыдан ачылган көркөм өнөрканасында бир жылдай иштеп калды.
1980-жылы сүрөтчү Кубанычбек Аманкожоевдин шакирти болуп, бир жыл иштеди.
Анан 1981-жылдан тартып ар кыл чыгармачыл көргөзмөлөргө катышып, өз алдынча чыгармачыл жолун баштады.
1979-жылдан бери Бишкекте туруктуу жашап келет. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын башкы сүрөтчүсү, «Советтик Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеген.
Сүрөтчүлүк ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негизинен Үсөнбай Сарыбаев пейзаж, портрет тартуу боюнча жана көп кейипкерди камтыган тарыхый чоң сүрөттөрдү жаратуу боюнча ири адис.
Анын чыгармалары Франция (Париж), Орусия, Казакстан, Германия, Түркияда ар кыл көргөзмөлөргө катыштырылган.
Адабий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үсөнбай Сарыбаев аңгемелер, публицистикалык макалалар, китептер да жазат.
1970-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине «Аңчынын окуясы» аттуу аңгемеси жарык көрүп, ошондон баштап, мезгилдүү басма сөздөрдө аңгемелери, повесттери, эскермелери, публицистикалары, макалалары чыга баштаган.
Л.Казаринскийдин «Карышкыр» аттуу аңгемесин которуп, «Кыргызстан маданияты» гезитине жарыяланган.
Коомдук ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үсөнбай Сарыбаев Кыргызстан Сүрөтчүлөр Биримдигинин (1994), Журналисттер Биримдигинин () жана Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү.
Эч саясий партияга мүчө эмес. Мурда “Ата Мекен” социалисттик партиясын колдоп келген.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөсү бар. Жубайы – Нурия Табылды кызы (1955-жылы туулган) менен 1982-жылы баш кошкон. Эки уул, бир кызы бар.
Тун уулу Растан 1983-жылы туулган, анан уулу Тыныстан 1987-жылы туулган. Кызы Гүлшайыр 1988-жылы туулган.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарткан сүрөттөрү боюнча 1996-жылы «Сорос-Кыргызстан» фонду уюштурган Бишкектеги «Кыргызстандын балдары» аттуу республикалык көргөзмө конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири.
2007-жылы Р.Абдыкадыровдун 60 жылдыгына арналган «Республикалык көргөзмө» конкурсунда 1-орунду ээлеген.
Чыгармаларынын кыскача тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сүрөттөрү.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Курманжан датканын Скобелев менен жолугушуусу. 2007.
- Ч.Айтматов менен М.Ауэзовдун жолугушуусу. 2003.
- Кыргызстандыктар. 2012.
- Рыспай Абдыкадыровдун портреттери. 1988.
Аңгемелери.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эңсеген менин обонум (Р.Абдыкадыров тууралуу). – Б.: Гүлчынар, 2008. – 178 б.
- Бактылуу болгум келет. 2012.
- Кумайык. 2013.
- Өмүр жана өлүм. 2012.
Ал тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын жазуучулары / Кыргызпатент. / Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б., 2011. – 456 б. - ISBN 978-9967-26-379-6.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://pda.kabar.kg/kyr/science-and-culture/full/16406(жеткиликсиз шилтеме)
- http://presskg.com/fabula/14/0815_9.htm(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.bizdin.kg/ky/%D0%BA%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BF%D1%82%D0%B5%D1%80/%D0%BC%D0%B0%D0%BA%D0%B0%D0%BB%D0%B0-%D0%BC%D0%B0%D0%B7%D0%BC%D1%83%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D1%80/item/419-%D0%B6%D0%B0%D2%A3%D1%8B-%D0%B0%D0%BB%D0%B0-%D1%82%D0%BE%D0%BE-2012-%E2%84%967(жеткиликсиз шилтеме)
- http://kmb3.kloop.kg/index.php/2010/09/16/ata-k-rg-n-ok-zhonot/ Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine
- http://old.ktrk.kg/ky/content/surotchu-zhazuuchu-uson-sarybaev-video(жеткиликсиз шилтеме)