Сарыжашыл балырлар, же түрдүү шапалактуулар

Википедия дан

Сарыжашыл балырлар, же түрдүү шапалактуулар (Xanthophyta, Heterocontae). С. б-га бир клеткалуу, колониялуу жана сифондук түзүлүштүү түрдүү формадагы кыймылдуу, начар сүзүүчү же кыймылсыз (субстраттарга бекилген) балырлар киришет. Булардын түсү ачык сары түстөн, сарыжашыл же жашылкөк түстөргө өзгөрүп турат. Бул түстөр хроматофордогу хлорофилл, ксантофилл жана каротиндердин санына байланыштуу.

Клетка көбүнчө катуу чел кабыктуу, кээде жылаңач (перипласт менен капталган). Чел кабык бүтүн эки бөлүктөн (створкадан) турат. Бөлүктөр бирдей же түрдүүчө, кээде жогорку бөлүгү кичинекей, төмөнкү бөлүгү чоң. Көпчүлүк өкүлдөрдө бөлүктөр анча байкалбайт. Жип сыяктуу формаларында жиптер бөлүнгөндө Н-түрүндөгү чел кабык байкалат. Чел кабыктын ички бөлүгү целлюлозадан, сырткы бөлүгү пектин затынан турат. Цитоплазма айнек сыяктуу тунук. Ядро клеткаларда бирден, же көп. Хроматофорлор көбүнчө диска, тепши, кээде пластинка, тасма, жылдызча, чөйчөкчөлөр түрлөрүндө болот. Пиреноиддер айрым өкүлдөрүндө гана бар.

Ассимиляциянын негизги продуктасы – майлар, лейкозин жана волютин. Кыймылдуу С. б-да вакуолдор жана кызыл көзчөлөр бар.

Шапалактуу С. б-дын шапалактары бирдей эмес, бирөө узун (негизги), кыймыл мезгилинде алдыга багытталат, экинчиси - кыска (кошумча), ал каптал тарапка же артка багытталат. Ошондуктан да С. б-ды түрдүү шапалактуулар деп да аташат.

Көбөйүү вегетативдик (клеткалардын бөлүнүшү менен), жыныссыз (зооспора, автоспоралар аркылуу) жана жынысташуу (изогамиялык, гетерогамиялык) жолдор менен жүрөт. Зооспоралар да түрдүү шапалактуу. Жынысташуу жолу менен аз санда гана көбөйүшөт (трибонема, ботридиум).

С. б-га 60 ашык тукум жана 200 түр кирет. Алар жашыл балырлар жашаган чөйрөлөрдө - тузсуз, туздуу суулардын планктондору жана бентостору. Ошондой эле топуракта, бузулган дубал беттеринде жана башка жерлерде кездешет. Кыргызстанда көп кездешкен түрлөр ризохлорис (Rhizochloris), трибонема (Tribonema), ботридиум (Botridium), вошерия (Vaucheria).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]