Сарыжон тоосу

Википедия дан

Сарыжон тоосуТалас Ала-Тоосунун түндүк тармагы.

Үрмарал ж-а Каракайың сууларынын аралыгында түш.-чыгыштан түн.-батышты карай 30 кмге созулуп жатат. Орт. бийикт. 2500 м, эң бийик жери 3260 м. Тоонун жону тайпак келип, байыркы түздүктөр кездешет. Талас Алатоосун карай бийиктейт, капталдары кыска, суу өрөөндөрүн карай жантайыңкы түшөт. Негизинен жогорку рифейдин 1500 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, алевролит, чополуу ж-а акиташтуу сланец, акиташ тектеринен турат. Бадал-арча аралашкан шалбаалуу талаа, чыгыш бөлүгүнүн 3000 мден жогору жаткан айрым жерлерине субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт; тоо этегинин айрым жерлери чабынды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2