Сарыкенже
| Отурукташкан жай
{{{кыргызча аталышы}}}
| ||||||||
Сарыкенже (таж. Лахш, 2022-жылдын март айына чейин – Сарыкенжа) — Жерге-Тал районундагы азыркы Лахши Боло айыл аймагындагы айыл. Жамааттын административдик борбору — Муксу. Айылдан райондун борборуна чейинки аралык 50 км. Калкы - 2096 киши (2017), тажиктер, кыргыздар. Калып:Макала:Инсан
Сары-Кенже (Бостон уруусунун бутагы)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сары-Кенже — кыргыздын Ичкилик тобуна кирген Бостон уруусунун ири жана тарыхый маанилүү бутактарынын бири. Бул бутактын өкүлдөрү тарыхый процесстердин натыйжасында негизинен Тажикстандын Лахш району (мурдагы Жерге-Тал району) аймагында отурукташкан. Сары-Кенже тукумунан кыргыз элинин намысын коргогон Акбала баатыр сыяктуу тарыхый инсандар чыккан.
Генеалогия (Санжыра)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз санжырасында Жергетал Бостондорунун түпкү атасы катары Аскулубий таанылат. Аскулубийдин 21 уулу болгон ,21-Уулдун арасынан үч уулу: Сары-Кенже, Кара-Кенже жана Молой. атасынын өзгөчө батасын алып, Каратегиндин(Лахштын )бийик тоолуу төрлөрүн мекендеп калышкан. Молойдон үч айыл тараган,Сасык-булак,Байлар-тобу,Кара-Шоро Сары- Кенже өзүнчө бир айыл Кара -Кенже өзүнчө бир айыл Ушинтип азыркы учурда беш айыл бостондор жакын отурукташкандыктан аралары биригип калышкан бир атадан тараган урпактар.
Долонбийден бүгүнкү күнгө чейинки түз чынжыр (15 муун):
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Долонбий — (Кыргыз урууларынын жалпы атасы).
- Кызылуул — (Ичкилик уруулар тобунун баштоочусу).
- Бостон — (Ичкилик тобундагы ири уруу).
- Аскулубий — (Бостон уруусунун беделдүү башчысы.Аскулу бий
ХVII-кылымдын башында (болжол менен 1620–1630 жж) Фергана өрөөнү стратегиялык мааниге ээ болгон. Бул аймак үчүн эки чоң күч тирешкен, талаштын негизи; – Эшим хан: Казак хандыгынын бийлөөчүсү, “Эшим хандын эски жолу” деген мыйзамы менен белгилүү. Ташкен менен Фергана өрөөнүн ээлеп, жалпы түштүк аймактарды Ташкенден туруп башкарууга аракет кылган. – Имамкули хан: Бухара хандыгынын Аштарханийлер династиясынан чыккан күчтүү башкаруучусу. Ал Мавераннахрды толук көзөмөлдөөгө умтулган жана Фергананы Бухара хандыгынын бир бөлүгү катары көргөн. – Аскулу бий (айрым булактарда Аккулу бий) кыргыз тарыхындагы, өзгөчө ХVII-кылымдын башындагы Фергана өрөөнүнүн саясий турмушунда маанилүү роль ойногон инсандарынын бири. Аскулу бий ал кездеги Ферганадагы кыргыз урууларынын таасирдүү башчысы катары, эки оттун ортосунда калбоо үчүн өтө куу дипломатиялык кадамга барган. Ал согуштук күчкө эле эмес, кожолордун (диний лидерлердин) аброюна таянган. Ал кезде Ферганада Накшбанди тарикатынын кожолору (Махдуми Аьзамдын тукумдары) эл арасында жана хандардын алдында өтө чоң кадыр–баркка ээ болгон. Аларды “рухий устат” катары сыйлап, сөзүнөн чыга алышкан эмес. Аскулу бий Бухара ханы менен Казак ханы согушуп киргенде, ортого таасирдүү кожолорду салып, “мусулмандардын канын төкпөө” жана “ыйык жерлерди согуш майданына айландырбоо” деген ураанды колдонгон. Бул эки ханды тең моралдык жактан чегинүүгө же бейтарап болууга мажбур кылган. Аскулу бийдин негизги максаты – Фергананы Бухаранын же Казак хандыгынын түз административдик башкаруусуна бербей, иш жүзүндөгү көз карандысыздыкты сактап калуу болгон. Ал Эшим ханга: “ бул жер Бухаранын чек арасы, согуш чыкса эл кырылат” – деп түшүндүргөн. Имамкули ханга болсо: “ бул жерди өзүбүз коргойбуз, сырттан аскер киргизүүнүн кажети жок” – деген позицияны карманган. Натыйжада, Фергана өрөөнү бир топ убакытка чейин бул эки ири мамлекеттин ортосундагы буфердик аймак катары калып, ички бийлик жергиликтүү бийлердин жана кожолордун колунда калган. Аскулу бий согушсуз эле, диний жана саясий кадыр – баркты колдонуу менен чоң мамлекеттердин кызыкчылыктарын тең салмактап турган. Махдуми Аьзамдын тукумдары: “Саясий кожолор” ХVII-кылымда Фергана өрөөнү жөн гана жер эмес, диний борбор болгон. Намангандын Касан шаарында туулган (1461–1542 жж) Махдуми Аьзам аттуу улуу сопунун тукумдары – Сайиддер – жалпы Орто Азия аймагында “ыйык” деп эсептелген. Имамкули хан да, Эшим хан да тактыга отурганда ушул кожолордун батасын алышкан. Эгер кожолор кимдир бирөөнү “заалым” же “каапыр” деп атап койсо, анда ханды өз аскерлери эле тактан кулатып коймок. Аскулу бий жергиликтүү кыргыз урууларынын атынан ушул кожолор менен тыгыз союз түзгөн. Ал Кожолорго: “эгер Бухара же Казак аскерлери толук кирип алса, силердин да эркиндигиңер чектелет, келгиле, менин бийлигимди колдогула” – деген сунушту берген. Аскулу бий негизинен Аксы (Ахсикет) жана Анжиян аймактарын көзөмөлдөгөн. Бул шаарлар ошол кезде илим-билимдин очогу эле. Эшим хандын аскерлери Ферганага жакындаганда, Аскулу бий шаардын дарбазасына аскер эмес, ак селдечен кожолорду жана Куран кармаган аалымдарды чыгарган. Бул “биз бейпил элбиз, бул жерде согуш жүргүзүү күнөө” деген ишарат эле. Эшим хан өзү да динчил адам болгондуктан жана кыргыздар менен союздаштыгын (“Кыргыз – Казак бир тууган” деген ураан ал кезде абдан күчтүү болгон) бузгусу келбегендиктен, Аскулу бийдин шартына макул болуп, аймакты кыргыздардын өзүнө калтырган. Бул окуядан кийин Аскулу бийдин кадыры асмандап, Ферганада гана эмес, Теңир-Тоо кыргыздарынын арасында да эң таасирдүү лидерлердин бирине айланган. Аскулу бий Ферганадагы отурукташкан эл менен көчмөн кыргыздардын ортосунда көпүрө болгон. Анын тушунда кыргыздар биринчи жолу Фергананын ири шаарларын (Ош, Өзгөн, Анжиян айланасы) туруктуу көзөмөлдөй башташкан. Бухара ханы Имамкули хан Аскулу бийдин күчүн моюнга алып, ага “Аталык” же “Бийлердин бийи” деген расмий эмес статус берүүгө аргасыз болгон. Бул Бухара хандыгы Фергананын ички иштерине кийгилишпейт дегенди түшүндүргөн. Аскулу бийдин образы тарыхта “элди кан төгүүдөн сактап калган дипломат” катары калды. Ал Бухара ханы Имамкулинин кубатын жана Эшим хандын дымагын эске алып, аларды бири – бирине каршы койбой, тескерисинче, эки тарапты тең Фергананын чегинен сырткары турууга жетишкен. Бул мезгил тарыхта “Кыргыз – казак бир туугандык доору” жана “Фергананын алтын доорунун башталышы” катары бааланат, себеби дал ушул Аскулу бийдин саясатынын негизинде, кийинчерээк, Фергана өрөөнүндөгү саясий бийликтин тирегине айланышкан. Аскулу бийдин Имамкули хан менен болгон “сүйлөшүү өнөрү”; – Бухара ханы Имамкули (1611-1642 жж башкарган) аябай каардуу жана күчтүү өкүмдар болгон. Ал Мавераннахрдагы бардык майда бийликтерди өзүнө баш ийдирүүнү каалаган. Бирок Аскулу бий каршы ачык согушка чыкпай, “дипломатиялык тосмо” курган. Имамкули ханга атайын элчилерди жиберип, Фергананын кожолорунун (актоолук жана каратоолук кожолор) ханга болгон нараазычылыгын кыйыткан. Ал; – “Эгер Сиз аскер менен кирсеңиз, бул ыйык инсандардын батасынан айрыласыз, эл көтөрүлөт” деп эскерткен. Хан аргасыздан Ферганага кирбестен, Аскулу бийди өзүнүн ошол аймактагы “орун басары” (вассалы) катары таанууга макул болот. Бул кагаз жүзүндө гана Бухарага тиешелүү, иш жүзүндө кыргыздардын толук көз карандысыздыгы эле. Эшим хан менен Аскулу бийдин союздук келишими, жунгарлардын (калмактардын) алгачкы чоң чабуулдарынан кийин мурдагыдан да бекемделген. Кыргыздар Фергана өрөөнүнүн кире бериштерин (Көгарт, Алай, Нарын багыттарын) бекемдеп, калмактардын өрөөнгө киришине жол берген эмес. Казак тарыхында белгилүү “Катаган кыргыны” жана калмактар менен болгон согуштарда кыргыз кошуундары Аскулу бийдин жетекчилиги астында Эшим ханга чоң көмөк көрсөтүшкөн. Бул согуштук ийгиликтер Аскулу бийдин эки хандын алдындагы кадыр–баркын ого бетер жогорулаткан. Анткени, хандар калмактарга каршы кыргыздарсыз туруштук бере албасын түшүнүшкөн. Аскулу бийдин акылмандыгы менен эки чоң армиянын кагылышуусунан Фергананы жок болуп кетүүдөн сактап калганы, ошондой эле кыргыздар Ферганада өз алдынча саясий күч катары калыптанып, кийинки Кокон хандыгынын негизделишинде негизги роль ойногону “Бийлердин алтын доору” – деп аталган мезгилдин башаты болгон. Бул окуялардан кийин кожолор менен кыргыз бийлерини ортосундагы ажырагыс союз түзүлгөн, бул союз аймактын кийинки 200 жылдык маданиятын жана саясатын аныктаган. Аскулу бийдин тукумдары кийинчерээк Фергананын ар кайсы аймактарында (Аксы, Ноокен, Алай, Каратегин) бийлигин, андан соң жалпы Фергана өрөөнүн башкарган Кокон бийлигин курган. Аскулу бий же Аскул баатыр кыргыздардын Ичкилик урууларынын бири Бостон уруусунан болот. Аскул бий Аксы тарапта төрөлгөн. Фергананын түштүк-батыш тарабында отурукташкан элдин, Жаңы–Коргон (азыркы Кокон шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан) айылынын бегарары (бийи) болгон, ХVI кылымдын аягы ХVII кылымдын ортосунда (так датасы белгисиз) жашаган. Аскулу бий билимдүү киши, Накшбанди тарикатынын илимдүү Шейхи болгон.
Адамдарга: Напсини тарбиялоо – жаман сыпаттарды (көрө албастык, ач көздүк, текеберлик) жок кылып, жакшы адеп-ахлакка алмаштыруу. Үй-бүлө багып, пайдалуу иштер менен алектенип, бирок жүрөктү байлык-дүйнөгө байлабоо. Ислам эрежелерине (намаз, орозо ж.б.) өтө катуу маани берүү. Түпкү максат – “Ихсан” даражасына жетүүгө үйрөткөн. Ихсан – руханий өнүгүүнүн эң жогорку тепкичи Ыйман – анын пайдубалы Ислам – анын дубалдары
Аскулу бийдин төрт аялынан жыйырма бир эркек, эки кыз баласы болгон:
Атантай. Хал мерген. Каржооду. Баймат. Кара Ороз. Сарыкенже. Каракенже. Молой. Боош мерген.
Асанбай. Үсөнбай. Али.
Жанкара.
Чынкара.
Абылгазы.
Мырза аке. Полотбек. Тагай. Боорук. Унутулган. Унутулган.
Аскулу бийдин бир аялы Коңургаз (Таластан Саруу уруусунан). Каратегинде Коңургаздан төрөлгөн кызы Үрпияны Талас тарапка күйөөгө берген, кызды көчүрүп баратканда, жолдо улам кечкисин конуп-түнөгөн жерлеринин бирин Жергетал тарапта, азырга чейин, Үрпиянын конушу деп айтышат.
Хижрий боюнча 1045-жылы раджаб айында (12.12.1635 – 09.01.1636) кыргыздардын он эки миң үй бүлөсү, Каратегин аркылуу, Гиссар өрөөнүнүн жака белине көчүп келишкен. Булар, Жунгарлардын Алтын ханы Батур–хунтайчинин аскерлеринин биринчи кысымынан, качууга мажбур болгон Жети–Суулук кыргыздар эле. Жунгарлар экинчи жоортулун 1643-жылы Или - Талас өрөөнү тарапка бурган. Ошентип жунгар–калмактардын Орто Азия чөлкөмүнө карай чабуулдары кыргыз менен казактарга эле эмес, Бухара хандыгына да коркунуч алып келет. Бухара ханынын “орун басары” болгондуктан, Аскулу бий Каратегиндин чыгыш тарабындагы Жергетал аймагында баскынчы калмактарга каршы “чек ара – ордо” курган. Азыркы күндө дагы, Лахш өрөөнүндөгү Сарыкенже айылынын жогору жагында, тоо этегиндеги жайык жерди “ОРДО” деп аташат. Ушул ордого өзүнүн аскерлерин жайгаштырып, үйлөрдү, мечит менен медресе куруп кадыресе жашоого ылайыктаган. Жергиликтүү элдердин арасында азырга чейин кызыктуу “керемет” айтылып келет: – “Ордонун курулушу башталганда, улуу Олуя Аппак кожо устазы Аскулу бийге учурашканы келет. Башталган ишке ийгилик каалап, өзүнүн “БАТА”сын берип, кычыраган суукта топурактан ылай чалып ийлеген жигиттер кыйналганын көргөн ак кийимчен, ак селделүү Аппакожо, агып келип турган сууга, аса таягын салып бираз жерге чейин сууну ээрчитип келип койот. Ошондо суудан булоо чыгып, кадимкидей эле жылуу суу болуп калат да, жасалган ылай муздабай, иш ылдамдаган экен”. (Аппак кожо 1626-1694жж. Орто Азиядагы накшбанди тарикатынын илимдүү шейхи, белгилүү Олуя. “Тарихи-и Хожаган” китебинде ичкилик уруусунун бийи Аскулу, Аппак кожонун эң биринчи устаты же пири катары көрсөтүлөт. Жаш кезинде бийдин шакирти болуп, андан Накшбанди тарикатынын негиздерин үйрөнгөн) Чек ара – ордо курулуп, Бухаранын чыгыш чеги корголот. Аскулу бий үч уулун ушул жерге кызматка калтырып, өзү жашаган Айдаркен өрөөнүнө, айтылуу Кожо Ашкан жергеси аркылуу, барып-келип кабар алып турган. Аскулу бий картайып каза тапканда, ушул Айдаркен өрөөнүнүн батыш тарабына, мүрзөгө коюлган. Азыр Өзбекстандын Сох районунун чегинде, тажик тектүү адамдар жашаган жерде “Мазори Калон” деп аталат (кыргызча “Улуу мазар”)
- Сары-Кенже — (Аскулубийдин бата алган кенже уулу).
- Акбала баатыр — (XVII-XVIII кк. )1740-1745 ) жылдар аалыгында Каратегинди калмактардан коргогон баатыр).«Акбала баатыр» дастаны
(Окуялык хронологиясы жана ырдык тексти) 1. Жоо кабары жана Акбаланын намысы Окуя калмактардын (жуңгарлардын) Каратегинге басып кириши менен башталат. Калмактардын башчысы кыргыздарды коркутуп, жерлерин тартып алууну көздөйт. Каратегин тоосунда, Калмактар толду коосунда. Мөк-Суунун бою чабылды, Кыргыздар калды кошуунда. Ошондо чыкты Акбала, Аргымак атты таптала. «Жер бергиче — жан берем, Жоону кууйм!» - деп каптала.«Акбала» дастаны (Элдик оозеки варианттардын негизинде)
I. Жоо кабары
Алайдын башы апаак кар, Аркада калмак каары бар. Каратегин калкына, Каптаган жоонун заары бар. Калмактар келди калкылдап, Кылычы колдон жаркылдап. Мөк-Суунун бою чабылды, Кыргыздар калды алсырап. «Качалы!» - деди карылар, «Ооганга өтүп жан сактап, Аман бир калсын баарылар». Дүрбөлөң түштү эл ичи, Калбады кары, жаш киши.
II. Акбаланын намысы.
Ошондо чыкты Акбала, Бою бир сындуу, зор тұлкө. «Токтогула, эл!» - деди, «Качкандын аты — кор!» - деди. «Атадан калган жер кайда? Аркада калган эл кайда? Калмакка берип жерлерди, Карап бир турсак — не пайда? Белибизди бууйлу, Бел ашпаган душманды Безе качырып кууйлу. Кыргын тийсе — бир тийсин, Кыргыздын атын сактайлы!»
III. Жаркынайдын акылмандыгы
АКбаланын карындашы Жаркынай, Акылы тунук, жаркын ай. «Аке!» - деп келди алдына, Кеңешин айтты калкына: «Калмактар келет капчыгай, Атынын башы баткыдай. Зоо башына чыгалы, Таш менен жоону уралы. Артынан барып капыстан, Ажалын колго берели». Айбат берип алыстан
IV. Калмык-Кыргын салгылашуусу
(Эң кандуу учуру) Айгай уруп Акбала, Аттанды жоого обочо. Астында буудан Көктөлкө, Айбалта тийди көк бөрккө. Калмактын ханы Каты-Даң, Каршылай чыкты каарынан. Акбала найза шилтеди, Жүрөгүн сууруп бир демде, Жерге бир чапты катыдан. Зоодон таштар кулады, Душмандын үнү чубады. Калмак-Кыргын аталды, Ошол бир жердин убалы.
V. Жеңиш жана Аягы
Калмактар качты бет албай, Кыргызга кайра келе албай. Акбала жана Жаркынай, Элдин бир болду бактын ай! Каратегин гүлдөдү, Кайгыны кыргыз билбеди. Эр Акбала баатырдын, Эзели өчпөйт дүрмөгү. Тексттин маанилүүлүгү: Тарыхый негиз: Тексттеги окуялар XVII кылымдагы кыргыз-жуңгар согуштарын чагылдырат. Тил өзгөчөлүгү: Текстте Ичкилик диалектисинин («каты», «төлкө», «дүрмөг») таасири байкалат. География: Мөк-Суу, Сары-Кенже, Калмык-Кыргын — бул реалдуу жер аттары. Акбала баатырдын эрдиги — бул жөн гана физикалык күч эмес, бул бийик тоо шартында аз сандуу топ менен зор кошуунду жеңген стратегиялык акылмандыктын үлгүсү. Каратегин кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгында анын эрдиги үч негизги багытта сүрөттөлөт: 1. "Мергендик эрдиги" (Көзгө атарлык) Акбала баатыр өз заманынын эң мыкты мергени болгон. Анын эрдиги калмактардын кошууну Каратегинге кирип келе жатканда, алардын эң башкы аскер башчыларын алыстан эле атып түшүрүп, душмандын жүрөгүнө коркунуч салганы менен башталат. Окуя: Уламыштарда Акбала баатыр Мөк-Суунун жээгиндеги бийик зоонун башында туруп, дарыянын аркы өйүзүндөгү калмактардын туу кармоочусун бир аткан менен кулаткан делет. Бул душмандын чабуулун токтотуп, аларды башаламандыкка учураткан. 2. "Капчыгай буктурмасы" (Тактикалык эрдик) Акбала баатырдын эң чоң эрдиги — калмактардын сансыз кошуунун Каратегиндин тар капчыгайларына алдап киргизип, аларды курчоого алганы. Тактика: Ал өзүнүн чакан кошууну менен жоого көрүнүп, анан качкан сыяктуу түр көрсөтүп, калмактарды капчыгайдын эң кууш жерине чейин ээрчитип барган. Жыйынтык: Душман капчыгайга толук киргенде, Акбаланын белгиси менен кыргыздар зоо башынан таш агызып, "таш сел" каптатышкан. Бул салгылашууда душмандын негизги күчү талкаланып, бул жер кийин "Калмак-Кыргын" деп аталып калган. 3. "Жекеме-жеке кармаш" Дастанда Акбала баатырдын калмактардын эң күчтүү баатыры же башчысы (Каты-Даң же Дөбөсө) менен жекеме-жеке чыкканы чоң эрдик катары баяндалат. Күрөш: Эки тараптын тең аскерлери карап турган ортодо, Акбала өзүнүн айбалтасы жана курч кылычы менен душмандын башчысын ат үстүнөн оодарып түшүргөн. Бул окуя кыргыз жоокерлерине дем берип, калмактардын биротоло чегинишине алып келген. Дастандагы эрдикти сүрөттөгөн саптар: "Акбала чыкты аттанып, Артында калкы сактанып. Аккелтесин октоду, Эр Манасты жоктоду Батасын тартып бетине Шилтегенде кылычын, Шыйрактан кести калмакты Каратегин тоолору, Көрдү баатырдын зор күчүн!" Эмне үчүн Акбаланын эрдиги өзгөчө? Акбала баатырдын эрдиги Махмуд ибн Вали сүрөттөгөн XVII кылымдагы кыргыздардын "тоо арстандары" деген мүнөздөмөсүнө толук төп келет. Ал өзүнүн эрдиги менен төмөнкүлөргө жетишкен: Каратегиндин бүтүндүгүн сактаган: Калмактардын түштүккө, Памирге карай жылышын токтоткон. Элдик биримдик: Чачырап кеткен урууларды бир туунун астына бириктире алган.
- Олжоке — (Акбаланын уулу, он сары баланын атасы).
- Кырбаш — (Олжокенин он сары уулдарынын улуусу).
- Мырзаян жана Айти — (Кырбаштын уулдары, атактуу уста жана комузчулар)
Тарыхы жана Чарбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сары-Кенже тукумдары, анын ичинде Олжокенин урпактары Лахштын Сары-Кенже дарыясы агып турган илгерки эски өзөндүн боюнда отурукташкан. Илгери дарыя өзөн аркылуу айылды аралап өтүп айылдын этегиндеги эски аэропор ордуна жайылып барып кашаттан ылдый жагына жайылып агып, кашаттын ылдый төмөн жагына сиңип, камыш баскан саздуу аймак болгон. Бул шарт мал чарбачылыгы үчүн ыңгайлуу болуп, Олжокенин балдары кара малды (уй, жылкы) өтө көп санда кармашкан. Жайкысын Дара жана Сары-Булак жайлоолорунда мал багып, кышкысын кашаттын ылдый жагындагы камыштуу саздарга жайышкан. Ошондой эле кумдуу талааларга арык казып суу чыгарып, кумдуу жерди айдап буудай, арпа, сулу эгип, азык-түлүк камдашкан.
Маданияты жана Руханий жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сары-Кенже тукумунан чыккан
Акбала баатыр балдары -Олжеке жана Белекке
Олжекнин балдары- он сарынын бирөөсү Кырбаш
Кырбаштан тараган балдары -Мырзаян жана Айти.
Айтинин балдары -Турсунбай жана Риза.
Турсунбайдын балдары-Алим,Нуру,МолдоОдина.
Нурунун балдары-Ахунбай жана Кенжебай.
Алимдин балдары-Садык,Салим,Тайир.
Ризанын балдары-Сабыр жана Назар.
Сабырдын балдары-Адина,Карим,Муртазали,Жолдош,Тургунбай.
Сабыр уста киши болгон тегирмен куруп иштеткен. Сары-Булакка там салган Сабыр өлбөс болсочу Дүкүлдөтүп жана жапкан Дүрия өлбөс болсочу Тегирмен тынчыбай Гала толо болсочу Нан бышырып галдан Курсактар нанга тойсочу деген эл оозунда ыр саптар калган
Ахунбайдан-Махабатшо,Талапшо,Диловаршо,Каландаршо
Ахунбай билимдүү молдо жана комузду келтире черткен комузчу болгон.
1940-жылы Улуу ата Мекендик согушта эки көзүнөн ажыраган беш жылдыз баатыр орден менен сыйланган согуш ардагери
______________________________
Кенжебайдан-Мухамадзиё,Мухамадсафо.
Кенжебай өтө сабаттуу , билимдүү ачуусу тез келген каардуу өктөм киши болгон.Колхоз Совхоздор калыптанган жылдары башкы башкармалык иштеринде иштеген
______________________________
Мырзаяндын балдары-Кубатбай жана Куртекбай
Кубатбайдын балдары-Коңурбай,Маханайим,Мамарайим,МолдоЖунус
Коңурбайдын балдары-Мырза,Сапар,Бай Мамбет,Азимбай
_____________________
Маханайим балдары -бала жок
_____________________
Мамарайим балдары-Каримберди,Таштемир
Каримберди балдары-Райимберди
Райимбердинин балдары-Таалайбек,Кожомберди,Акылбек,Ырысбек,Калдарбек,Кубатбек
Таштемирдин балдары- Бохоп
Бохоптун балдары-Малик,Токтомат
____________________________
МолдоЖунус балдары-Найман
Наймандын балдары- Ниймон
Ниймондун балдары-Салман,Субхан,Илхом
Молдо Жунус Кытайга барып Кашкардан билим алып андан кийин билим алуусун улантып Фергана Ташкент,Кокондон устаздарынан билим алган илимдүү киши болуп,Кытай Кашкардан бөз мата,самын,чай ,көлөч алып келип,соода сатык иштери менен алектенген
________________________________________
Илгертен Олжекенин тукумдары өрүк жыгачынан комуз чапкан чебер усталар болушкан. Бул тукум комузчулук өнөрдү атадан балага өткөрүп келген. Руханий жактан Алтын-Мазар Ордо ыйык жайын зыярат кылып турушкан.
Бул тукумдун 13-муундагы өкүлү Ниймон Найман уулу өз доорунда белгилүү дааватчы катары таанылып, элди ыйманга, ынтымакка жана адептүүлүккө чакырууда зор эмгек сиңирген.
Соода-сатык байланыштары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Географиялык жайгашуусуна байланыштуу Сары-Кенже кыргыздары Кытай (Кашкар), Фергана өрөөнү (Кокон), Бухара, Самарканд жана Куляб шаарлары менен активдүү соода-сатык иштерин жүргүзүп, кербен жолдорун көзөмөлдөп турушкан.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз санжырасы (Ичкилик тобу).
- Лахш кыргыздарынын оозеки тарыхы (Ахунбай Нур уулунун билдирүүсү боюнча).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тажикстандагы жер аттарынын реестри : GlRedTNE, 2013. - 332 б. — ISBN 978-99947-33-54-5 (таж.) )