Сарыкова Бурулкан

Википедия дан

Сарыкова Бурулкан 1959-жылы 10-октябрдаСузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1977-жылы Макаренко орто мектебин аяктаган соң, ошол убактагы саясат боюнча, комсомол комитетинин чакырыгы менен өндүрүштө калып, “Дружба” совхозунда саанчы болуп эмгектенип баштайт.
  • Талыбаган эмгегинин акыбети кайтып, кыска убактын ичинде ар бир уйдан 3800-4000 литр сүт саап алып, совхоздо алдыңкы саанчылардын катарына кошулат.
  • Көп жолу Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү аталып, беш жылдык пландарын ашыгы менен аткарып, сүрөтү совхоздун ардак тактасына илинген.
  • 1988-жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат.
  • Совхоздун жолдомосу менен, Ош шаарындагы айыл-чарба техни кумун сырттан окуп бүтүргөн.
  • Райондук, облустук жана Айыл чарба министрлигинин Ардак грамотасы, ошондой эле бир канча жолу акчалай, баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
  • Эгемендүүлүк алып, совхоз жоюлуп кеткенден кийин, жеке ишкердик менен алектенип, соода тармагында иштеп калат.
  • 3 кыздын энеси.
  • 1998-жылы капилет оорудан көз жумган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3