Сарыкулаков Кожомурат

Википедия дан

Кожомурат Сарыкулаков (1892-1918) Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө катышуучу.

Пишпек уездиндеги Узун-Кыр болуштугунда (азыркы Кант району) туулган.
1911 ж. - Верныйдагы (азыркы Алматы шаары) гимназияны күмүш медаль менен бүтүргөн.
1911-1913ж.ж. - Киевдеги Ыйык Владимир университетинин медицина бөлүмүн аяктаган.
1914-1917 ж.ж. - Казань университетинин укук бөлүмүндө окуган.
1917 ж. - Февраль революциясынан кийин Пишпекке келип революциячыл иштерге катышкан.
1917 ж. - 9-сентябрда “Букара” союзунун төрөгалыгына шайланган.