Сарымсаков Кенжалы

Википедия дан

Сарымсаков Кенжалы (5. 3. 1939-ж. туулган, Москва району, Мураке кыштагы) - таланттуу публицист, баяндамачы жана котормочу.

  • Эмгек жолун орто мектепти аяктаган соң, 1956-ж. койчу болуп баштаган.
  • Кийин Фрунзедеги Ленин атындагы заводдо жумушчу (1962-64), Калинин райондук комсомол комитетинде (1964-67), «Билим» коомунда (1967-82), Кыргыз телеграф агенттигинде котормочу (1982-84), Партиянын тарыхы институтунда улук илимий редактор (1984-87), Кыргыз телерадио комитетинде саясий комментатор (1987-2002) жана «Кыргыз руху», «Аалам» гезиттеринде (эс алууга чыккандан кийин) эмгектенип келген.
  • Анын алгачкы макаласы 1963-ж. «Ленинчил жаш» гезитине жарыяланган.
  • В. И. Лениндин бир нече томдорун (тарых институтунда иштеп жүргөндө), Н. И. Ознобиндин «Улуу демилге», 3. Т. Таиповдун «Эркиндик үчүн күрөштө», М. И.
  • Палыковскийдин «Мадаминбектин ойрондолушу» жана К. Г. Вайнонун «Эстония вчера, сегодня и завтра» деген китептерди кыргызчага которгон.
  • Тил көйгөйүнө байланыштуу көптөгөн макаларды жазып, сыналгыдан ар кандай маектерди берип келген.
  • Чүй мамлекеттик администрациясы сиңирген эмгегин жогору баалап «Ардак» белгиси (1998) менен сыйлаган.
  • «Эмгек ардагери» жана «Кыргыз тил» төш белгилерин, бир нече Арадак грамоталарды алган.
  • Теги суусамырлык, күрүчбек элинин жолуке уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9