Сары-Бел

Википедия дан

Сары-Бел«Манас» эпосундагы топоним. Ч. Валиханов жазып алган эпизоддо калмак каны Жолой мекендеген жерлердин бири. С.-Б-де Жолойдун кызы кызыл түлкү болуп кубулуп кыргыз баатырын жазгырып кеткени айтылат.

Сагымбай Орозбаковдун вариантында Чоң чабуулда «Көтөлөктүн Сары-Бел» деп эскерилет. Бул бел (К. С.— Б) өтө алыс, Чинге (байыркы Кытай) жакын тоолордун бириндеги ашуу окшойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4