Сары-Кол
Сары-Кол, Саркол— «Манас» эпосундагы топоним. Манас төрөлгөндөгү тойго С.-К-догу кыпчактар чакырылат. С.-К-ду Манастын чоң атасы Ногой, кийин Шыгайдын уулу Жапак да жайлаган. Көкөтөйдү койгондо С.-К-ду ашып жедигер уруусунун мыктысы Багыш да эки жарым миң колу менен келет (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 53). Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Нойгут эли жайлаган жер деп сүрөттөлөт. Кыргыздар Манасты кан көтөрүп, Алтайдан Таласка көчкөндө Акбалта:
Ардактуу Сары-Кол жерим бар,
Абийирдүү нойгут элим бар,
Биздин нойгут эл-журтта,
Кара эгинден күрүч көп,
Калайынан күмүш көп.
Боз коёндон түлкү көп,
Босого жайган мүлкү көп (Саякбай Каралаев, 1. 170, 174), — деп өз эл-жерине кетүүнү суранат. Географиялык реалияда Тажикстан менен Кытайдын (Сары-Кол менен Опол (Музтаг-Ата) тоолорунун) ортосундагы кеңири өрөөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4