Сары-Тологой
Көрүнүш
Сары-Тологой — «Манас» эпосундагы топоним. Эпосто Көкөтөйдүн ашында чабылган аттарды тоскон жерлердин аттары менен кошо эскерилет:
Аяк аттын байгесин,
Ала турган пайдасын,
Кызыл-Кыя белине,
Тологойдун жерине,
Сан кой солоп салыптыр:
Акыр заман журтуна
Аты Сары-Тологой
Атак болуп калыптыр (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 272), — Ысык-Көлдөн түндүк-чыгышта, Түп суусунун өрөөнүндө С.-Т. аттуу жер жана өзөн бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4